Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 16 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАН ЖЫТТАНГАН БАКЫТ.16 бөлүм

 

 

 

Адам кээде оз максатына жетуу учун же балким кыялын ишке ашыруу учун кандай гана кадамдарга барбайт. Ал кадамдар керек болсо бироонун тагдырын талкалап, бактысын уратып ордуна озунун максатын тургузуп алууга чейин жетет экен. Канча жылдар мурун Бекжан Акимович кудум ушундай кадамга барып, Алмазды турмодо кармап озу Нурперини тартып алып жашаса,эми кызы Жылдыз дал ошондой жолго тушту. Болгондо да ошол Алмаздын кызы менен тирешуу башталды.

Аяра менен Асхаттын мамилесин коруп озун коерго жер таба албай, ойлорунда кызды оздук кылып алган Талгат Бейсинбекович иш болмосундо эч кимди кабыл албай жада калса боло турчу жолуугушууларды токтотуп коюп камалып олтурат. Бир убакта эшик шар ачыла Жылдыз кирип келди. Артынан Талгаттын катчы кызы чуркап кирди да актанып жиберди:

-Талгат Бейсинбекович мен эскерткем, конбой койду… — деди тиги кыз жетекчисинин турун коруп коркуп.

Ал эми Жылдыз коркпостон, тескерисинче мыйыгынан кытмыр жылмая Талгатты тиктеп турган экен.

-Мода уйундо маселе чыктыбы? — деген Талгат Жылдыздын мындай кадамын жактырбай чекесин тырыштырып алды.

-Жок жакшы баары.

-Кандайдыр бир сунуш болсо, менин жардамчым менен кенешсенер болот.

-Дииля! — деген Талгат кыйкырып жиберди. Анткени ал озунчо олтурганда бироо тынчтыгын бузуп, ойлорун чачыратып жибергенин жаман корчу. Талгаттын ачуу кыйкырыгынан катчы кыз селт эте чоочуп, Жылдызды колдон тартты. Тартып жаткан кыздын колун бир силкип алган Жылдыз кайра алдыга Талгат Бейсинбековичке жакын кадам таштады.

-Менде жеке маселе бар, — деди унун акырын чыгарып.

«Мунун менде кандай жеке маселеси болушу мумкун?» — дегендей Талгат Жылдызды суроолуу тигилди.

-Асхат менен Аяра, — деди Жылдыз дагы жакын келип ансайын акырын шыбырап.

Озуно бир аз жакын келип жанаша турган кызды тиктеген Талгат Аярага ушунчалык окшоштугуна дагы бир ирет тан берди. Болгону коздору такыр башкача. Жалжылдап турган Аяранын кош каректерин эстеп алып, алдында турган Жылдыздан андай суйкумдуу жароокерликти таппай турду. Корсо Аяранын бут сулуулугу ошол молтуроп, мээримдуу тигилген коздорундо окшобойбу.

Талгат катчы кызга карап «чыга бер» — дегендей башын ийкеп койду.

Кайра иш столун акырын айланып басып ордундагы креслого чалкалай эки бутун кайчылаштара олтура кеткен Талгат Жылдызды тиктеп турду.

-Эмнени айтайын дедин?

Жылдыздан эч кандай соз болбогон сон озу баштады маекти.

-Талгат Бейсинбекович! Аяра менен Асхаттын мамилесинин онолуп кетиши сизди кыжаалатка салбай элеби?

-Эмнеге мени кыжаалатка салуусу керек?

Муздак жылмайган Жылдыз Талгаттын мандайындагы столдон орун алып олтурду. Коргон жерден сылык учурашып, дайым башын жерге салып жургон бул уялчааак, секелектен мындай кайраттуулукту кутпогон. Кала берсе азыр мандайында олтурган Жылдыз менен биринчи жумушка орношкону келген Жылдыздын ушунчалык айырмасы чон болчу. «Эхх аялдар, турлоп кубулганды билесинер го!» — деп алган Талгат заматта ушуларды мээсинен откоруп жиберди.

-Талгат Бейсинбекович сиздин Аярада конулунуз бар экенин айтпасаныз да, жашырып койсонуз деле белгилуу.

-Сен бул жомокту кайдан алып журосун?

Эч бир кызматкери керек болсо досу болуп калган адамдары тик багып мынчалык суйлобогонуно, анан да озу да моюндабай жургон чындыгын бул кыз айтып салганына туталанып кетти.

-Жомок денизчи? Аяра менен Асхат таарынышып жургондо сиз аны жандап журуп коздорунуз кандай бактылуу экенин коргом. Андан сон бугунку акыбалынызга да мен кубо болдум.

-Менин абалым?

-Ооба. Анан да азыр жеке маселе деп алардын ысымын атаганымда жоошуй тушуп жузунуз озгоруло кетпедиби? Муну кантип танат элениз?

Озундогу озгорууну озу эмес жанындагы ушул жапжаш кыз байкап койгонун! Мынчалык даражага жетсе демек озундогу контролду такыр эле жоготуп жибериптир, же болбосо Жылдыздын кандай экенин дагы эле билбейт.

— Допустим, — деди Талгат. Озунун ички сезимдерин рентгенге салгандай коруп окуп олтурган кыздын созун башка жака буруп. Болбосо дагы бир аз ушинтип тиреше суйлошуп олтурушса баарын айтып салчудай.

-Макул, сен айткандай мен Аяраны суйот экем, анда сенин маселен эмнеде?

-Менин маселем да дал ошол Аяра!

Талгат кашын которду.

-Жоок, Асхатты суйом!

-Ааа, сенин маселен бул беле?

-Ооба, Асхат меники болчу! Мен жаш кезимден бери билген Асхат мендик болчу. Аяра жашоомо кирип келгенге чейин баары мендик болчу. Апам, иним, Асхат. Баарын тартып алды. Керек болсо конкурстагы мумкунчулукту, бул жердеги жумушта да Аяра. Тагдырыма тикен сыяктуу Аяраны гана жазып койгондой. Макул баарын берууго даярмын бирок Асхаттан болок. Апам бар болчу жанымда болчу, бирок… Менин журогум ооруп жанымда жургон апамдан мээрим таба албай кыйналып жургонумдо Асхат кезиккен, мени жашоого уйроткон. Алга суйрогон. Мен аны да Аярага карматып сала албайм!

Азыр эле жалындуу тиктеп кытмыр куло суйлоп турган кыздын бир заматта коздоруно жаш ирмеле тушту. Ал эмне жонундо суйлоп жатканын дагы андай албайт эле Талгат.

-Аяраны кайтарып ал!

-Ким айтты сага мени жардам берет деп?

-Сен жардам бербесен да колумдан келет, болгону Аяраны суйоорунду билип сунуш кылып жатам, — деген кыз эми сенсирегенге отту.

-Дагы кенешебиз бул маселеде, азыр болсо маанилуу жолугушуум бар — деген Талгат Жылдызды узатып жиберип озу шашылыш компаниядан чыгып кетти.

Баары оз ойлогонундай болду. Жылдыз билип эле койду Талгаттын чечимин. Жок эле жолугушуусун шылтоо кыла чыгып кеткенир да сезди. Ал созсуз мындай мумкунчулукту кое бербейт.

 

 

Айылга ата энесинен кабар алганы келген Асхат кеч куугумдо кайра жолго чыгууга камынып жаткан. Жылдыз айылдагы уйунунон керектуу эскиздер бар папкасын ала келууну отунгон болчу. Ошону алып уйуно кайтса шаардагы таякеси жаны гана келип олтурган экен.

-Оо жээним кандайсын баатыр?

-Амансызбы? — деп корушуп дасторконго бата кылы олтурушту.

-Кандай жигит иштер?

-Рахмат иштеп жатабыз, озунуз шаардан корунбойсуз?

-Биз да журобуз да жээним, кудай чачкан жеринен ырыскысын терип.

-Бул эмне? — деп чакан кагаздар салынган папканы корсотту Асхат апасы.

-Аа бул Жылдыз суранган болчу айылга барсаныз алып келип берин деп.

-Ии, тиги Нурпери жакшыбы, катуу ооруп калыптыр деп уктук эле.

-Ооба апа жакшы буйруса аздап кыймылга келе баштады дейт го.

-Иий байкуш десе тузук эле кыйналды. Убагында менменсип жургон аял, куйоосу отуп карапайым катардагы калкка кошулуп биздин жашоодо жудоп кетти. Жараткан калыс ай, ушинтип эле тендеп коет. Куйоосу элди соруп жургону эч нерсе билинбей, мынтип олгондо артынан иши чыгып ачылып кетти го? Аны да оз олуму эмей эле олтуруп кетишиптир дешти го? — деген аял бежиреп суйлоп жатты.

-Койчу эми апа кайдагыны айтпай. Анын балдарына эмне тиешеси бар эле. Азыр баары сонун. Макул ал созду коюп мен жолго чыгайын, эртен сабагым бар, — деген Асхат керектуусун алып жоноп кетти. Асхат кетери менен азыркы созго кызып калган таякеси апасынан кайра иликтеп сурай баштады.

-Ии эже, сиз кайсы эл соргон атка минерди айтып жатасыз?

-Аа булбу. Тиги ким эле, прокурор мындан качан жыл мурун уйундо олтуруп кетишпедиби.

-Бекжан Акимович? — деди Асыл оз божомолун туура чыгып калуусунан умут этип.

-Ии дал озу!

-Ал озун олтургон да,-деген Асыл кайра эжесинин оозун твншап турду, кудум дагы кызыктук маалымат угуп калчудай.

-Эми элге ошентип коет да. Ал олгондон кийин аялы бул жака кочуп келген. Анын аялы экенин деле эч ким билбейт. Кызы менин Махабатым менен курдаш. Анан да Асхат шаардан бир эки жардам берип журот. Аялы деле оной эмес ай. Эмнеси болсо да прокурордун аялы да. Жолдошунун олумунон сон дароо балдарын оз фамилиясына откоруп алган экен да, мынтип эч ким таппас бир айылга келип кун кечирип жашап калган. Болбосо шаардан тиги куйоосунун толгон душмандары балдарына зыян берет деп корксо керек.

Бул аял кадимки айылдагы ушак кууган аялдар менен суйлошуучу кадыресе соз сыяктуу баарын оз билгенинче айтып берип жатты. Ал эми Асыл Токторович акырындап сурап олтуруп, бир кездердеги прокурор Бекжан Акимовичтин уул кызы жонундо Талгатка керектуу маалыматтарды чогултуп аткан.

Асхат шаарга келип Жылдызга айткан кагаздарын беруу учун жолугууну суранды эле «озум сиздин устакананызга барамын» — деп койду. Бир аз отпой жадырап Жылдыз кирип келди. Колунда дагы эскиз суроттор, чиймелер бар экен.

-Асхат байке кандайсыз?

-Жылдызка! Кандай журосун?

-Жакшы, эмне эле жумушта корунбойт десе. Айылга качан кеттиниз эле?

-Ии ооба, жумуштан суранып кеткем айылдагы иштери бутурууго.

-Кандай айыл баары тынчпы?

-Ошол бойдон, баса сен озун эмне барбайсын?

-….

Кыз жооп бергендин ордуна унсуз тунжурап олтурат.

-Макул, Арген кандай журот.

-Ал жакшы, жакында Казахстанда отуучу мелдешке катуу даярданып.

-Оо ийгилик!

Жылдыз колундагы которо келген чиймелерин Асхатка корсотуп, экоо божураша суйлошкончо копко олтурушту. Ал ортодо Асхат сырттан гамбургер алып келип тамактанып да алышты. Бул кун Жылдыз учун да, Асхат учун да негедир озгочо конулдуу отту. Коштошуп жолуна тушкон кыздын конулу куунак боло жол катар кынылдап да баратты.

 

 

***

Тан эрте Асхаттын жумушка келбегенине тынчсызданган Аяра анын кол телефонуна чалып жатты. Чакыруу кеткени менен эч кандай жооп жок. «Тынчылык бекен? Ооруп калбадыбы? Бугун маанилуу кун деген, иштеп жаткан проектин тапшыруу керек да!» — деп кыздын ансайын тынчы кетип безилдейт. Кече куну айылдан келгенде устаканасында корушкондо, «бугун досторум келет» — деген болчу, же ошолор менен тун бир убака чейин журуп уктап калдыбы» — деген Аяранын санаасына мин туркун божомолдор келип жатты. Же жумушунан чыгып бара албай, же колу ишке барбай эки анжы болуп туйшолгон калыбында журо берди. Тушко жакын компанияга кирип келишкен уч торт орган кызматкерлерин коргон Аяра тан кала карап койду. Алар туз эле жетекчинин болумуно отуп кетишти. Оз болмосундо дагы бир жаны коллекциянын устундо иштеп жаткан Аярага ошол компанияда бирге иштеген кыз чуркап кирди.

-Аяра журсон?

-Эмне болду деги шаштын кетип? Онун да бир кызыктай.

-Тиги Асхатты…-деген кыз андан ары созун улай албай туруп калды. Ансыз да санаасы минге болунуп турган Аяра «Асхат» — дегенди укканда ордунан кантип турганын озу да сезген жок.

-Ыя Асхат? Эмне болуптур?

-Билбейм, милиция болумунон келишиптир. Асхаттын иш столун текшерип жатышат, кечинде… — деп суйлоп келе жаткан кыздын созун толук укпай чуркап жоноду Аяра. Шиш такасы менен такылдап чуркап келген Аяра бир колун ээгин коюп столдо жолонуп, башын жерге салып турган Талгатты, эки милиция кызматкери Асхаттын столун чачып текшерип жатышканына кубо болду.

-Тынчылыкпы? — деп сурап жиберди энтигип чыккан уну менен шашыла.

-Аяра, — деген Талгат бери бурулуп кыздын жанына келди.

-Асхат кайда?

Талгаттын турун коруп ансайын уройу учкан кыз кыйкырып жиберди.

-Ал жакшы, милиция болумундо экен.

-Эмнеге?!

-Укчу мени, — деп желкесинен кармап бери алып баскан Талгат суйлоп жатты.

-Булар атайы ордер менен келишиптир Асхаттын иштеген жерин тинтууго, мен каршы чыга албаймын.

-Жок эмне себеп?

-Аны мен да билбейм Аяра!

-Анан?!

-Азыр мен да, сен да болумго барабыз корсотмо бергени. Ага чейин озунду колго алып тур.

Аяра эч нерсени тушунгон жок. Эмне болуп жатат, деги кандай корсотмо? Жон гана милиция кызматкерлеринин иш аракеттерин кузотуп Талгаттын жетегинде турду.

Милиция болумуно келишкен алар, алгач Асхаттын жакын тааныштары катары корсотмо беришти. Аяра озуно берилген суроолорго жооп берип жатып да, эмне болуп атканын тушуно албай турду. «Асхат кайда? Тынчылыкпы? » — деген суроосуна баары бир ооздон корсотмо бергенден сон жолуктурабыз деп жооп беришти.

-Аяра Алмазбековна! Сиз Асхат Эркинбековичке ким болосуз?

-Мен суйлошкон кызы, — деди Аяра чарчанкы.

-Демек эч кимиси.

-Кандайча эч кимиси?! Айтып жатпаймынбы суйлошкон кызымын деп?!

-Бирок аялы эмессиз да туурабы?

-Жок,-деди кыз башын жерге салып.

-Анда канча убакыттан бери тааныйсыз?

-3 жылдан бери.

-Таак, Аяра айтсаныз болгону туура жооп бериниз бул биз учун маанилуу. Асхаттын ушул кезге чейин банги затын колдонгонун кордунуз беле?

-Эмне?!

Аяранын коздору чанагынан чыгып кетейин деп кыйкыра калды.

-Тынчтаныныз.

-Кайдан чыкты банги зат?!

Кыздын абалын коргон корсотмо алып жаткан жигит ордунан тура калып стаканга суу куя Аярага сунду.

-Биз жон гана маалымат алып жатабыз.

-Мен Асхат менен корушом!

-Аяра Алмазбековна

-Башка созум жок! — деген кыз андан ары когоруп бир да ооз ачпай койду.

Карангы кунурт болмодо эки орган кызматкерлердин коштоосунда турган кыз тынчы кете Асхат кутуп каршы терши басып журду. Темир менен тордолгон эшик оор ачыла шарактап коздору кызарган Асхат кирип келди.

-Асхаат?! — деген Аяра чуркап келип жигиттин мойнуна асыла калып андан келип жаткан ачуу кычкыл жытка окшуп жибере жаздады.

-Асхат сага эмне болду?

Эки колу менен жигитинин жузун озуно каратып тигилди.

-Билбейм Аяр… Мен.. Мен эч нерсени билбеймин. Эсимде жок.

-Эмне?!

-Асхат укчу мени? Баарын эстегенге аракет кыл.Мен кеткенден сон эмне болду?

Чакан сыз жыттанган болмодогу стулга Асхат башын мыкчый олтура кетти.

-Сен кетин, андан сон усткананы бир аз иретке келтирдим. Досторум келди учоо, коптон бери корушо элекпиз деп шагырап жакшы эле олтурганбыз. Бири коньяк ала келген экен, аны ичип…

-Асхат сен, сен такыр оозуна алчу эмес элен го?

-Ооба бирок, кыздуу болгом деп досум ошону жууп. Андан ары пиво аралашып кетти окшойт. Бир убакта кыздар келишти.

-Кайдагы кыздар Асхат?!

Аяра жигиттен мынчалыкты кутпосо керек колу менен оозун жаба калды.

-Жок, жок Аяр мен тийбедим,-деген Асхат актана ордунан туруп кызга жакын келди.

-Мен ошол диванга жатып уктап баратканым эсимде. Анан..

-Эмне анан?

-Мени ызылдаган ундор ойготту. Милицияданбыз дешип. Кыздардын бироосу бизди уруп жатат деп чалышкан экен. Устакананы тинтууго алышып банги зат таап чыгышты. Анын ал жакта кайдан болуп калганын билбейм…

Аяранын даана айласы кетти. Ишенбейин десе ушунча далил, ишенейин десе эмне озунун Асхатын билбейби кандай адам экенин?! Убакыт бутуп шалдырай сыртка чыккан кызды эшик оозунан Талгат тосуп алды.

-Аяра!

-Жоок! Ал мындай кылбайт. Бул жерде тушунбостук болду. Менин Асхатым мындай адам эмес.

Аяра озунчо кубуроно суйлонуп жатты. Бир убакта эсине келе озун сойоп турган Талгатты тиктеп алды.

-Агай сиз? Сиз жардам бериниз? Асхатты жакшы билесиз го? Кол алдыныздагы эн мыкты кадр.

Жалооруп турган кыздын коздоруно чогуп кеткиси келди Талгаттын. Кандай тунук, кандай сулуу коздор?! Жада калса анда тамып жаткан могу молтур жашы да жарашып калганын!

Ушуну кутподу беле Талгат, дал ушинтип озунон жардам суроосун куткон да. «Мм тааак эми озумдун планымдай максатымды ишке ашырсам болот!» — деп алды ичинен кымындай.

 

 

***

Асхатты кармап кетишкени бутундой компанияга желдей тарады. Баары ооздору ачыла жарымы ишенбей «жоок Асхат андай жолго барчу бала эмес» — деп жатышса, кээси «адамдын аласы ичинде болот деген ушул турбайбы» — дешип соз кылып жатышты. Бир гана Жылдыз алардан болуно озунчо дили чайналып бушайманга тушуп жаткан эле. «Аз калды Асхат чыдап койчу суранам!» — деп жатты озунчо.

Аяра туз эле Асхаттын устаканасына келди. Сырты тосулуп эшигине печать урулган кагаз чаптап кетишиптир. Ошол эшике жолонгон калыбында кыйла турду. Эмне кылуу керек? Адвокат жалдоо керек албетте. Оюна биринчи ушул келген кыз кубангандан шашыла телефонун алып чыгып бут тааныштарынан мыкты адвокат издеп жатты. Бирок абдан жакшы иштелген ишпи же чын эле Асхат ошондой адам беле аны актоочу эч кандай далил таап корсото алышпады. Университетинен мугалимдери жакшы бала, мыкты студент деп корсотмо беришкени менен Асхаттан алынган анализ ичимдике банги заты кошулган деген жыйынтык чыгарып ал корсотмолор эч нерсени чечпей калды. Кала берсе бул ишке Талгат озу аралашкандыктан эч кандай мумкунчулук жок болчу актап чыгууга, куноосуз экенин далилдоого.

Аяра Талгат Бейсинбековичтин болмосундо башын жерге салган калыбында олтурду.

-Аяра?

-….

-Аяра?!

-Ии, — деди кыз алаксыган ойлордон селт эте. Откон бул кундор ичинде коздору кызарып ушунча арыктап кетиптир.

-Абалын жакшыбы?

-Мен… Билбейм.

Аяра буркурап колу менен жузун жаап ыйлап жиберди.

-Болду озунду колго ал. Асхат аман го?

-Ооба, бирок муну ким кылды? Эч кандай илинчек таппай жатабыз. Эми ушул бойдон абакта калып кетеби?

-Жок, жок албетте.

Талгат оюндагысын кантип айтаарын билбей буйдалып жатты.

-Аяра… Мен жардам бере аламын.

-Чын элеби?

Азыр эле бурколуп турган кыздын коздорундо умут жанып жылтырап кетти.

-Ооба, бирок…

-Ии эмне агай?

-Шарт менен… — деди Талгат акыры кучун жыйып.

-Кандай шарт?

Аяра Талгаттын созунун тупку максатын дагы эле тушунбогондой тан кала сурады.

-Сенин мага турмушка чыгууга макулдугун керек!

-Агай?!

Чын эле мындайды кутпогон кыз. Тан калгандан коздору чоноюп, ордунан тура калды.

-Тан калдын. Билем сага бул оон учурап жатат. Бирок Аяра мен. Мен сени чын эле суйом! Аэропортто алгач ирет коргондон бери. Билбейм озум да, тушунбой келем эмнеге мынчалык журогумо сен жакын экенинди. Бирок ишен…

-Токтотунуз? !

Кыз кыйкырып жиберди.

-Агай эмне деп жатасыз? Мен… Мен жон гана сизди сыйлаймын. Сиз мен ортобузда болушу мумкун эмес!

-Эмнеге болушу мумкун эмес Аяр? Болот баары. Болгону сен мага мумкунчулук бер?!

-Мен менен Асхатты билесиз го?

-Ооба, билем. Атугул кызганып журдум.

-Асхаттын иши… Мен кылдым дей корбонуз!

-Жок, жоок! Менин ишим эмес, болгону мен жардам берейин деп.

Талгат жашырып койду. Муну Жылдыз экоо уюштурганын. Ал оюнга ошол чакырылган кыздардын да колу бар экенин айтпай койду. Жылдыз Асхаттын устаканасына барганында Асхат сыртка чыгып кеткенде шкафтын бурчуна Талгат берген пакеттеги ак нерсени билдирбей коюп жашырып койгон болчу. Мунун баарын азыр кыздан жашырып койду Талгат.

-Демек сиз бул мумкунчулуктон пайдаланып жатасыз?!

-Жок мен бакытым учун курошуп жатамын.

-Мен жок дейм.

-Анда Асхат абака кесилет. А менин азыр бут жерде таанышым бар. Бир эле конгуроо менен Асхатынды чыгарып коюшат. Болгону сен макулдугунду бер.

-Жолобонуз!

Аяра озуно жакын келе жаткан жетекчисин жек коруу менен карап кыйкырып, башын чайкап артка кетенчиктеди.

-Аяра!

Тарс эттире эшикти жаап чыгып кетти кыз. Компаниянын узун коридорунда козундо жаш менен ыйлап бараткан Аяраны коргон Жылдыз дароо Талгаттын болмосуно чуркады.

-Талгат Бейсинбекович. .. — деген Жылдыз такылдата эшикти кыйгач ачты.

-Сен белен кир?

Талгат Аяраны кайтып артына келди деп суйунуп ордунан бир козголуп кайра Жылдызды коруп шалдырай боюн креслого таштады.

-Сиз айттынызбы?

-Ооба.

-Макул болдубу?

-Жок! — деди Талгат башын чайкап шыпты тиктеп.

-Эч качан макул болбоймун деди.

-Эми эмне кылабыз?

-Кутобуз.

-Кандай кутобуз. Асхатчы?

Жылдыз туталангандай ыйламсырап сурады.

-Асхат да кутот. Эмне Аяраны ошончо женил деп ойлодун беле Жылдыз? Билбейм силер кайдан жана канча жылдан бери тааныш экенинерди, бирок Аяраны билбейт экенсин. Ал жон эле женилип бербейт.. Бирок Асхатты абактан мен гана куткара аламын, ошого козу жеткенде келет.

-Ага чейин…

-Ага чейин кутобуз Жылдыз! Сен да, мен да Асхатын да. Аяра макулдугун берген куну мен Асхатынды бошотом.

 

Тар камеранын ичинде чаржайыт кете кыйсыпыр тушкон ойлорундай каршы терши басып жургон Асхаттын эсинде эч нерсе жок. Бирде олтура калып, кайра туруп басып канчалык эстоого аракет кылса да майнап чыкпай жатты. Бир жакшы эле олтурушпады беле? Анан тиги айылдан келген досу тааныш кыздар деп эки кызды телефон аркылуу чакырып жаткан, бирок… «Устканадагы кичинекей желим баштыктагы табылган наркотикчи? Аны ким койду? Досторубу? Кантип эле? Ушунча жыл чогуу журуп, чогуу жашап. Алардан кумон санабай калсын. Дагы уйуно ким келди эле? Алгач айылдан келген сон Жылдыз, андан кийин Аяра келип кеткен. Ошол бойдон достору менен олтурушкан да. Же айылга кеткенде бироо устаканага кирип коюп кетти бекен? Андай болсо ичимдигине кошулган банги затчы? Анализден жыйынтыгы ошондой чыкты дешпедиби? Балким аны атайы ошентип жасатышкандыр? Бирок ким? Кимге кереги бар эле? «Асзаттын оюна эмнелер гана келбеди, баарын бут лос таанышын коз алдына келтирип, жада калса компаниядагы бирге иштеген муну коро албаган бир эки кызматкерлерден да кумон саноого улгурду. Бирок ушул ишти жасаган, уюштурган Жылдыздан кумон саноо такыр оюна келбеген эле. Кошо болумго алынып келинген досторун ошол туну милицияга чалып арыз жазган кыз, арызын кайтарып алганында бошотуп жиберишкен. Ал эми Асхатты устаканада жашаган, жана банги зат менен кармалган адам катары дагы эле кармап олтурушат. Эми эмне болот? Баарынан да чыркырап ыйлаган апасы менен коздору жашылданып молт молт тамчы кулаган Аярасын кыйбай турду. Мунун ак экенине ушул жки адамдан башка эч ким ишенбейт.

Колунда чакан дипломат котруп, костюм шым кие тез тез кадам таштап бараткан Асыл Токторович Талгаттын компаниясына келди.

-Уруксатпы?

-Сииз?! Асыл Токторович мен сизге компанияга келбениз дегем. Башка жерден жолугабыз эртен.

-Жок, Талгат Бейсинбекович бул ото маанилуу.

Чакан кара дипломатты стол устуно коюп, шыпылдап ачып андан бир нече кагаз жана суротторду алып чыгып Талгаттын алдына таштады.

-Бул эмне?

-Сиз издеттирген адамдар жонундо маалымат. Бекжан Акимовичтин уй-булоосу.. .

Талгат обдула шашылыш кагаздарга унулду. Анда Бекжандын жашоосу, иши, олуму андан кийинки казылган иштери. Уй булоосу жонундо экен. Бар мулку конфискацияланып мамлекетке откорулуп, андан калганын озуно жараша душмандары тартып алышыптыр. Баарынан кызыгы суротторду колуна алган Асхаттын коздору чоноюп кетти. Колундагы суротту бажырая кулуп Жылдыз турат.

-Бул ким? — деди Асылга суроолуу.

-Кызы, Жылдыз Акимова. Болгону атасынын олумунон сон апасы балдарынын коопсуздугун ойлоп оз фамилиясына откоруп алыска айылга алып кеткен экен.

-Жылдыз Осмонова…

-Дал озу. Азыркы учурда «Альфа» курулуш компаниясынын алдында ачылган мода уйунун мыкты стилист дизайнери. Тагыраагы дал сиздин кодунузда иштеген кызматкер Талгат Бейсинбекович.

-Кантип эле?

-Алгач мен да угуп тан калдым. Бирок бул так маалымат. Уулу Арген жаш оспурумдор арасында откон курош боюнча Азия чемпиону. Учурда аялы кайжакта экени белгисиз. Бирок уулу менен кызы чон энесинин колунда шаарда турушат.

Талгаттын мээси чыналып чыкты. Коз алдына Жылдыздын элеси тартылып. Озунун душманынын кызы менен келишим тузуп алганын карачы?!…

-Бара бериниз, — деди оозу бош суротторду кармап олтурган калыбында.

-Талгат Бейсинбекович менин сизде суранычым бар эле?

-Кандай?

-Менин жээним, билсениз керек Асхат Эркинбекович сиздин колунузда иштейт. Абакта ошого жардам сурайм.

-Асхатпы? Ал сенин жээнин беле?-деген Талгат каштарын жыйрып алды. Деги кандай деген кун болду кутулбогон сюрприздерге бай?!

-Ооба, менин жээним.

-Асыл Токторович менин ага кандай жардамым тийиши мумкун? Озунуз адвокат болсонуз.

-Талгат Бейсинбекович сиздин колунуздан баары келерин эч ким билбесе да, мен жакшы билемин. Ал эми Асхаттын куноосуз экенине да ишеничим бийик. Бул иш кимдин колунан келди албетте териштиребиз,

-Асыл Токторович мен карап коромун, — деген Талгат алдындагы адвокатынын созун боло анын кетуусун каалагандай эшик тарапты корсотту.

 

****

-Аяра!

Жанатан бактын тубундо кызарып бараткан кунду тиктеп ойлуу олтурган кызынын жанына келди Алмаз.

-Аяр!

-Паап?

Алмаздын жанына келгенин сезбей калган экен козуно ирмеле тушкон жашты арчууга улгургон жок.

-Кызым баары жакшыбы?

-Жоок! — деди башын чайкаган кыз ыйлап жатып атасынын кокурогуно озун таштап. Буркурап копко ыйлады. Алмаздын журогу кызынын солкулдап жаткан ийинине кошула титиреп кетти.

-Кызым менин! Ханышам! Айтчы эмне болду?

-Папа? Асхат…

Созунун акырына чыга албай кайра оропкуп ыйлап жиберди. Кучагына баскан кызын уйго алып кирди. Болмодогу гулдорду карап суу куюп жургон Нурперинин ээси чыга чуркап жетти.

-Аяра?! Эмне болду колоком? Эмне ыйлап жатат?

-Суу алып келчи, — деген Алмаз Аяраны диванга олтургузуп Нурпери которуп келген суудан ичирди.

-Кызым менин! — деп чачтарынан сылап жанына олтурду.

-Папа, Асхат абакта.

-О кокуй! Эмне дейт?! — деген Нурпери колу менен санын чаап алды.

-Белгисиз бироолор атайы уюштурганбы билбейм, ал жашаган устаканадан банги зат табылды.

Аяра баарын айтып берди атасына. Ушул кунго чейин баары чечилет деп кутуп Алмазга ооз ачпаган эле. Эми болсо мындан башка аргасы жоктой.

Алмаз кызын жоошутуп Нурпери экоо эки жагында алаксытып жатышты. Ангыча чон эшиги ачыла алдында бир акыбал болгон Жылдыз кирип келди. Анын бул кебетесин коргон Нурперинин эси чыга эки аттап жетти кызына.

-Аппааа?!

Ыйлап жатты кыз. Опко опкосуно батпай буркурап.

-Аппа, Арген…

-Эмнее?! Арген уулум! Эмне болду Аргениме?!

-Апааа! — деген Жылдыз андан ары улай албай ыйлай берди.

-Уурдап кетишти!

-Уурдап?! Ким? Кайда уурдап кетет баламды?!

-Билбеймин апа! — Жылдыз коз жашын он талаа кылып башын чайкады.

-Кундо залга барчу машыкканы. Кече куну да кеч калды. Залда окшойт деп анча маани бербептирбиз эле. Анан… Анан белгисиз бироолор уйго чалып Аргенди уурдап кетишкенин айтты.

-Эмне дешти?! — деди Алмаз шашыла.

-Атандын иштери учун жооп берчу кунунор келди дешти. Эч кимге кабар бербегиле, апанды таап, биз менен суйлоштур андан аркы кадамынарды айтабыз деп байланыш узулду.

Адамга бир сыноо берилсе ал катары менен келе берет турбайбы, бир жагынан Асхат болсо эми Арген. Аяранын айламы кетти. Титиреп апасын кучактап олтурган Жылдызды, эми гана озуно келип басып калганда кайра журогун кармап жыгылган апасын карап дуйносу ала салып кетти. Умуттуу коздорун жалдырата атасын карады. Алмаз башын бура сыртка чыкты да кокту тиктеп турду. Баратов эсине тушту. Акыркы жолу бул шаардан кетип жатканында суйлошуп коштошкон эле. «Кандай жардам керек болсо даярмын!» — дегенин эстеди. Азыр дал ошондой учур. Озу учун эмес, Нурпери учун. Балдар учун. Жашоонун кызыгын, тагдырдын амалкойлугун карачы. Бир кездери озун жылдар бою турмодо кармап турган, уй булоосун тартып алган адамдын, озу оз колдору менен олтургон адамдын уулун куткарууга жардам сурап баратат. Ошондо Бекжан келечекти коргондой айткан экен «балдарымды сакта» — деп.

 

 

Уландысы бар :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE