Пример HTML-страницы

Ак-Суу райондук сотунун мурунку төрагасы Бейшебай Уметов акыркы сапарга узатылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 10-апрелде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ичке-Жергез айылында сот тутумунун ардагери Бейшебай Уметов акыркы сапарга узатылды.

Бейшебай Уметов менен коштошууга Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, сот тутумунун ардагерлери, жергиликтүү соттордун судьялары, жакындары жана туугандары келишти.

Өз сөзүндө Замирбек Базарбеков Бейшебай Уметов судьялык кызматты аркалаган учурда өз ишин мыкты билген тажрыйбалуу юрист катары ишине жоопкерчиликтүү карап, сот тутумунун өнүгүшүнө салымын кошкондугун билдирди.

«1999-жылы Каракол шаары менен Ак-Суу району бириктирилгендигине байланыштуу Ак-Суу райондук сотунун төрагасы болуп дайындалган кезде Бейшебай Уметовичтин орун басары болуп бирге иштешип калгам. Адамкерчиликтүү, жөнөкөй, өз ишин мыкты билген жетекчи катары эсимде калды.

Сот тармагындагы ак ниет жана үзүрлүү эмгеги бааланып, мамлекет тарабынан «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» наамы, «Даңк», «Манас-1000» медалдары, «Юридикалык академиянын эмгек сиңирген кызматкери» деген сыйлыктарга ээ болгон.

Бейшебай Уметович судья болуп иштеген мезгилинде өзүн юридикалык сабаттуу жана принципиалдуу судья катары көрсөтө алды. Коллективди биримдикте жана ынтымакта жетектеп, ишти жогорку деңгээлде уюштурган. Бейшебай Уметович караган иштердин сапаты дайым жогорку көрсөткүчтөрдү берип келген.

2003-жылы ардактуу эс алууга чыкканына карабастан, Караколдогу юридикалык Академиянын студенттерине сабак, таалим, тарбия берип жүрдү. Мыйзамдарды терең билген, кесиптик чоң тажрыйбасы бар, ошол эле учурда талапты катуу койгон жана принципиалдуу судья катары кесиптештеринин эсинде калат.

Сот тутум Уметов Бейшебай Уметовичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бейшебай Уметовичтин жаркын элеси ар дайым биздин эсибизде сакталат», — деди Базарбеков.

Бейшебай Уметов 1938-жылы 5-майда Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында туулган. Орто мектепти бүткөн 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетине тапшырып, аны 1962-жылы аяктаган.

Ошол жылы Ак-Талаа райондук прокуратурасында, кийин Алай районуна которулуп, прокуратурада тергөөчү болуп иштеген.

1968-жылдан 1981-жылга чейин Ош, Ысык-Көл облустук прокуратурасында прокурордун жардамчысы кызматын аркалаган.

1981-жылы Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарлыгына шайланган.

Ал эми 1983-1985-жылдары облустук юстиция бөлүмүнүн башчысы, 1985-жылын кайрадан облустук соттун төрагасынын орун басары болгон.

1990-жылдан 1999-жылга чейин Каракол шаардык сотунун төрагасы кызматында эмгек өтөгөн.

1999-жылы Ак-Суу райондук сотунун төрагасы болуп дайындалып, 2003-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE