Пример HTML-страницы

Турак үйлөр, бала бакча, мектеп, медициналык мекеме жараксыз абалга кептелди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунда жалпы 45 турак үйгө сел суулары кирди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-апрелден баштап катуу жааган жаандан улам айрым аймактарда сел жүрдү. Учурда ӨКМдин жана айыл өкмөттөрдүн, жол тейлөө ишканаларынын техникалары иш алып барууда.

Жалпы 45 турак үйгө, 54 короо-сарайга сел суулары кирген. Бүгүн, 22-апрелде ӨКМ жана жарандык коргонуу кызматы тарабынан тазалоо иштери улантылууда. 3 турак жай жараксыз абалга кептелди. Ошондой эле 2 бала бакча, 1 мектеп, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты да жараксыз абалга келди. 4 техника жабыркап, 7 кой сарайда өлдү.

20-апрелде сел агымы 4 адам бара жаткан унааны агызып кеткен. 3 адам куткарылып, 1 адам каза болду.

Учурда бардык жол каттамдары ачык.

————————————————

2024-жылдын 20-апрелинде Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Ноокат, Кара-Суу райондорунда сел жүрдү.

Ош—Гүлчө—Сары-Таш—Иркештам унаа жолунун 45-49-чакырымдарында 2 тилкеге сел түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Ошондой эле Алай районунун Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында сел жүрүп, Гүлчө—Жошолу ички чарбалык унаа жолунун 7 чакырымы жабылган.

Мындан тышкары Ош облусунун Кара-Суу районунда 20-21-апрель күндөрү нөшөрлүү жаандан кийин сел жүрүп, унаа жолдорду, ички чарбалык жолдорду каптап, үйлөргө, социалдык объекттерге суу кирди.

2024-жылдын 21-апрелинде жарандык коргоонун чечими менен Ош облусуна өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE