Пример HTML-страницы

Жайылдагы төрөт үйү убактылуу жабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 10-апрелден тарта Жайыл райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү ишин токтотту. Бул тууралуу аймактык оорукананын башчысы Нурбек Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлигинин төрөт бөлүмүн оңдоо иштерине жабуу боюнча буйругу чыкты.

«Төрөткана 10-апрелде 6-майга чейин иштебейт. Бул убакыт аралыгында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын буйругу менен палаталарда санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүшү керек, бейтаптардан ичеги таякчалыр табылган. Мындан сырткары демөөрчүлөрдүн каражаты менен бөлүмдө косметикалык оңдоо жүргүзүлөт.

Кадр жетишсиздиги курч маселе бойдон калууда. Бүгүнкү күндө 11 бош орунда дарыгерлердин 8,5 ставкасы бар. Жаш адистерди тартуу үчүн турак жай жана эмгек акы маселесин чечүү керек. Бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Шаар мэриясына жаш адистерге жатакана берүү өтүнүчү менен кайрылдык. Жаш адистерге көбүрөөк ставка беребиз, ошондой эле бош орундар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине билдирмени жол-жоболоштурдук», — деди директор.

Жайыл райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү 50 орунга ылайыкталган. Ошондой эле гинекологиялык бөлүмдө 25 орун бар.

«Көз жара турган келиндерди Москва жана Сокулук райондоруна жөнөтөбүз. Ал эми патологиялык учур болсо, Бишкек шаарына жөнөтүлөт», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE