Пример HTML-страницы

Ошто Айт намазы окулган мечиттерге сумка же баштыкчаларды көтөрүп келген адамдар көзөмөлгө алынат

Акыркы жанылыктар

Turmush

Эртең, 10-апрелде Орозо айт майрамында милиционерлер күчөтүлгөн тартипте иштешет. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн Ош облустук ички иштер башкармалыгында Орозо айт майрамына карата уюштурулган иш-чараларда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн өздүк курамдын күч, каржаттарынын эсеби чыгарылып, аймактарга жооптуулар бекитилди. Айт намазы окулуучу мечиттерге сумка, коробка же баштыкчаларды көтөрүп келген жарандар милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат.

Коомдук коопсуздукту камсыздоого жалпысынан 600 дөн ашык кызматкер тартылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE