Пример HTML-страницы

Папан суу сактагычына чейин кирип кеткен унааны видеого тартып алышкан. Айдоочуга айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына унаасы менен кирген жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 11-апрелинде Папан суу сактагычына унаасын коюп, видеого тарткан жаран аныкталган. Айдоочуга 15 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Айдоочу Кара-Суу райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Каныбек Акаров тарабынан кармалып, унаасы айып короого токтотулду.

Буга чейин социалдык тармакка «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаа Папан суу сактагычына кирип кеткени тууралуу видео жарыяланган. Социалдык тармактын колдонуучулары Папан суу сактагычынан Ош шаарынын дээрлик 80 пайызы ичүүчү суу ала тургандыгын, сууга унаасын түшүргөн айдоочуну жазага тартуу керектигин айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE