Пример HTML-страницы

Turmush: Сокулук районунда «Жылдын мыкты мугалими

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Сокулук районунда «Жылдын мыкты мугалими — 2024» сынагы өтүп, баш байгени Краснооктябрь орто мектебинин кыргыз тил жана адабият мугалими Маматаева Динара Султанбековна жеңип алды.

Кароо-сынак 3 тур менен өттү.

1-тур, тандоо турунда мугалимдин электрондук портфолиосу жана сабактан 10 мүнөттүк видеофрогмент каралып, райондук этапка 12 мугалим жана 4 тарбиячы жолдомо алды.

2-турда конкрусанттар өз предметтеринен сабак өттү.

3-турда мастер класс болду. Мугалимдер сабак өтүүдөгү өз чеберчилигин, чыгармачылыгын жана өзгөчө методикаларын көргөзүштү.

Сынактын катышуучуларына жана жеңүүчүлөрүнө грамота, диплом берилсе, баш байге ээсине Египетке эс алууга жолдомо берилди.

Алдыңкы орундарды алган мугалимдер:

Баш байге — Краснооктябрь орто мектебинин кыргыз тил жана адабият мугалими Маматаева Динара Султанбековна;

1 орун — Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын мугалими Мундузбаева Уулжан Адылбековна жана «Материнская школа» балдар бакчасынын тарбиячысы Солпиева Айзада Тологоновнага, Ысык-Көлгө жолдомо;

— ⁠2-орун — Р.Кулданов атындагы орто мектебинин мугалими Алышбекова Наристе Алышбековна жана «Солнышко» бала бакчасынын тарбиячысы Сарыбаева Динара Тургумбаевна, 5000 сомдон акчалай сыйлык;

— ⁠3-орун — К.Шопокова атындагы №3 орто мектеп-лицейинин мугалими Абиева Дамира Ибрагимовна жана Фрунзе №1 мектеп-лицейинин мугалими Султанова Тахмина Абдурасуловна, 3000 сомдон акчалай сыйлык.

— ⁠9 номинация ээлерине 1000 сомдон тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE