Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы селден ондогон тургундар жапа чекти. 70ке жакын турак үйдү кыян суу каптады. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 21-апрелде Жалал-Абад облусунда нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон түшкөн сел суулары 68 үйдүн короо-жайын жана жер төлөлөрүн каптады.

Табигат кырсыгынан Жалал-Абад шаарынын Дача-Тилек конушунун жана Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Комсомол айылынын жашоочулары жапа чеккен. Ушул тапта жеринде жарандык коргонуу бөлүмү жана куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюу иш-аракеттерин көрүп жатат.

Жалал-Абад шаарынын туругун Алымбек Баймырзаев да селден жапа чеккен ондогон тургундардын бири. Ташкындаган суу анын бастырмасын бузуп, короо-жайын каптап, үйдөгү буюм-тайымдарын агызып кеткен.

«Калаанын Дача-Тилек конушуна көчүп келип, жашап жатканыбызга 10 жылга жакын убакыт болду. Ошол аралыкта сел келип, кыйратып кеткен учур болгон эмес. Кечээ кечке жуук жарым сааттан ашык жааган жаандан кийин көчөдөн сел суулары кадимкидей сайдан аккандай келди. Үйүбүздүн пайдубалы1 метр эле, сел өзү менен бирге ар кандай агындыларды, таштарды алып келип, жарым метрге чейин бийик болуп калды. Аны менен катар сел суулары бастырманы бузуп кирип, кошунабыздын жана биздин короо-жайды каптап чыгып кетти. Азыр короо-жайды ӨКМдин куткаруучулары тазалап, жардам берип жатат. Үйдө курулуш иштерин баштап, анча мынча буюм-тайымдар жана курулуш материалдарын бастырмага алып кирип койдум эле. Суу аларды агызып, баарын жарактан чыгарды», — деди ал.

Селден зыян тарткандар Барпы айыл аймагына караган Комсомол айылынын Насос тилкесинде басымдуураак. Тактап айтканда, конуштагы 52 үйдүн короо-жайын суу каптап, 4 үйдүн ичине чейин суу кирген.

Жергиликтүү тургун Бурул Чыракованын айтымында, 4 үй жараксыз абалга кептелди.

«Кечке маал жамгыр жаап, андан көп өтпөй эле адырдан суу түшүп, ташкындай баштады. Үйлөрүнүн пайдубалы бийик кургандардыкы эч нерсе болгон жок. Жапыс тамдардын ичине да суу кирип, жашоого жараксыз болуп калды. Бул айылда жалпы 52 түтүн эл жашайбыз. Сел суулары ар бир үйгө кирип, зыянын тийгизди. Кечээ түндөн бери техникалар келип, куткаруучулар тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Табигат кырсыгынан 4 үйдүн ичине суу кирип, жашоого болбой турган даражага жетти. Ал эми 6 үйдүн жер төлөлөрүн суу каптаптыр», — деди жашоочу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закировдун маалыматы боюнча, кечээ, 21-апрелде нөшөрлөп жааган жаандан улам облустун бир катар райондорунда сел жүрдү.

«Жамгырдан кийинки сел облустун Аксы, Токтогул райондорунда жүрүп, ички чарбалык жолду бузуп кеткен. Аны техниканын жардамында калыбына келтирдик. Ал эми Базар-Коргон районунда Базар-Коргон—Арстанбап унаа жолунун Кекилик участкасынын 14-15-чакырымдарына сел түшүп, жолду бөгөп калган, ал да калыбына келтирилди. Аны менен катар райондун Акман айылындагы кокту-колоттон түшкөн суу 2 үйдүн чарбасын каптаган.

Жалал-Абад шаарынын Дача-Тилек конушунда да сел жүрүп, 14 үйдүн короо-жайлары жана жер төлөлөрүн суу каптаган. Сузак районунун жогорку зонасында жана Көк-Жаңгак шаарында да сел суулары ички чарбалык жолго зыянын тийгизген. Алардын баары калыбына келтирилди.

Эң көп зыян тийген аймак Барпы айыл аймагынын Комсомол айылынын Насос участкасы болду. Мында 52 турак жайга зыян тийген. Анын ичинен 4 үйдүн ичине суу кирсе, 6 үйдүн жер төлөлөрүн сууп каптаган. Ушул тапта селдин кесепеттерин жоюу үчүн 37 куткаруучу жана 8 атайын техника иштеп жатат», — деди Закиров.

Барпы айыл аймагындагы селдин кесепеттери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE