Пример HTML-страницы

Turmush: Түн ортосунда «Тойотасын», 168 миң сомун алдырып жиберген адам: «Геку» кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushТогуз-Торо районунда тоноочулукка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 14-апрель күнү Тогуз-Торо РИИБне Казарман айылынын 1978-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 14-апрель күнү түнкү саат 00:30 чамасында Нур-Жайык кичи шаарчасында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн жанында өзүнө бейтааныш болгон 2-3 адам өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлүрү экенин айтышып, аны уруп, «Тойота Ленд Крузер 200» үлгүсүндөгү унаасын, «Айфон 15» үлгүсүндөгү телефонун, банктык картасындагы 48 миң сомун жана унаасынын ичинен 120 миң сом накталай акчасын тартып алып, окуя болгон жерден качып кетишкенин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, кылмыш иш козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 16-апрель күнү кылмышка шектүү катары Тогуз-Торо районунун 1990-жылы туулган тургуну А. уулу К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул адам 2014-жылы Тогуз-Торо районунун милициясы тарабынан уюшкан кылмуштуу топтун (кайманы аты «Геку») мүчөсү катары каттого алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE