Пример HTML-страницы

Ноокаттагы тургун салат жегенден кийин оор абалда ооруканага түшкөн

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районундагы тургун салаттан ууланып, оор абалда ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Ноокат район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жаңы-Ноокат айылынын 1995-жылы туулган тургуну (аял киши) 2024-жылдын 4-апрелинде түрдүү жашылчалардан үй шартында даярдалган консерваланган салат жеген. Ал бир нече сааттан кийин, тактап айтканда 23:30 чамасында 2 жолу кускан, бирок ооруканага кайрылган эмес. Таңкы саат 04:00 чамасында өзүн жаман сезип, алсырап, башы айланган.

Алдын ала эпидемиологиялык изилдөөлөрдө ага ботулизм диагноз коюлган. Бейтаптын абалы оорлоп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Ал эми Ноокат райондук ооруканасынын маалыматы боюнча, учурда бейтаптын абалы жакшы.

Ботулизм— тамак-аш менен уулануунун эӊ коркунучтуу түрү болуп эсептелинет. Өзгөчө ал кыш мезгилинде күч алат. Анткени адамдар жайы менен жапкан консерваларын кышында ачып жеп, илдетке чалдыгышат.

Оорунун инкубациялык мезгили 2 сааттан 1 жумага чейин болот. Ал адатта бузулган тамакты жегенден 12-24 сааттан кийин капыстан башталат. Адам алсызданып, башы айланып ооруп, денеси ысып, кусуп, оозу жана эрини кургап, суусап, ичи өтөт же уйкусу качат. Нерв системасы жабыркагандыктан парез жана паралич белгилери, көзгө кош көрүнүү байкалат. Карек чоңоюп, аба жетпей деми кысылып, муунуп, денеси көгөрүп, 23 сутканын ичинде өлүмгө учурашы мүмкүн.

Парез — неврологиялык синдром, булчуңдар алсызданып, нерв системасынын бузулушуна алып келет.

Паралич — денедеги бир же бир нече бөлүктөгү кыймылдын жоголушу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE