Пример HTML-страницы

Исхак Абыкеев кёрлинг боюнча мелдеште Ысык-Көл облусунун командасын алдыга сүрөй алды

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жаш талант» рубрикасынын кезектеги каарманы — Каракол шаарынын 17 жаштагы тургуну Исхак Абыкеев. Ал акыркы 4 жылдан бери команда менен ойнолчу кёрлинг менен машыгууда.

Учурда ал М.Горький атындагы №11 мектеп-гимназиясында окуйт.

«Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, эжем жана 2 иним бар. Алар дайым мага башкы күйөрман болуп келишет. Мен дагы инилериме жол көрсөтүп, үлгүлүү ага болгонго аракет кылам», — дейт ал.

Исхак кышкы олимпиадалык спорттүн түрү болгон кёрлинг менен акыркы 4 жылдан жылдан бери машыгып келет.

«Ушул спорттун түрү менен машыгып жатканыма абдан кубанычтамын. Бул спортко болгон кызыгуум азыркы машыктыруучубуз Айбек Асаналиев биздин мектепке келип, бул спорт тууралуу маалымат бергенде башталды. Анда дене тарбия сабагында биз биринчи жолу кёрлинг ойноп көрдүк. Арабыздан шыктууларды тандап алышты. Ошентип, ушул спорт менен машыгып келе жатам», — дейт ал.

Буга чейин Орусия жергесинде машыгып келгенин билдирди.

«Биринчи жолу Россиянын Красноярск шаарында атайын машыгуудан өттүк. Ал жерде Красноярск крайынын президентинин кубогуна катышып, Россиянын курама командаларына каршы ойнодук. Тилекке каршы, орун ала алган жокпуз, бирок татыктуу оюн көрсөттүк. Ал жерде кёрлинг бир топ өнүккөн экен. Анткени кесипкөй машыктыруучулар жана оюнчулар көп экен. Красноярск шаары мага абдан жакты, абдан кооз экен. Негизи эле кёрлинг спорту абдан кызыктуу жана көп учурда бул спортту «муз үстүндөгү шахмат» деп атап коюшат. Анткени оюн учурунда тактиканы жакшы эсептеп, атаандаштын кийинки кадамы жөнүндө ойлонуп, бир кадам алдыда болууга аракет кылуу керек. Андыктан бул спорт дененин чың болушу менен катар, акыл-эсти да машыктырууга жардам берет», — дейт спортчу.

Жакында эле Кыргызстандын чемпионатында Исхак катышкан Ысык-Көл облусунун командасы 1-орунду багынтты.

«Финалда Нарын облусунун командасын жеңип, 1-орунду алдык. Ысык-Көл жергесине кубокту алып келгенибизге абдан кубанычтамын. Келечекте дагы ийгиликтерди командабыз менен бирге жаратабыз деген ишеничтер бар. Мен бул спорт менен машыгууну улантам. Аны өлкөдө көбүрөөк өнүктүрүүгө аракет кылам жана дүйнөлүк деңгээлде көптөгөн чемпионаттарды жеңип, олимпиадада алтын медаль алууга аракетимди жумшайм», — дейт ал.

Каарманыбыз кёрлинг оюнунан сырткары англис тилин үйрөнүүгө, сүрөт тартууга, гитарада жана волейбол ойноого кызыгат.

«Убактымды туура жана пайдалуу өткөрүүгө аракет кылам. Келечекте мектепти аяктагандан кийин Түштүк Кореяга барып, билим алсам деп кыялданам», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE