Пример HTML-страницы

Кыямдардын пайдасы

https://kyrgyzcha.site/?p=55640&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Кыямдардын пайдасы

 

Кулпунай – Кулпунайдан жасалган кыям организимди рак шишигинен сактайт. Мындан сырткары адамдын ден-соолугуна зарыл көптөгөн микро жана макро элементтерге бай.

 

 

 

Малина – калий, кальций, темирди малина кыямынан алууга болот. Андан сырткары малинадан жасалган кыямда аспириндеги пайдалуу заттар бар. Сасык тумоо болгондо кичинекей балдардын чайына көп аралаштырып берүүгө болбойт. Анткени, малина тамакты сиңирүүгө тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн.

 

 

 

Карагат – аскорбин кислотасына бай. Адамдын иммунитетин көтөрүп, өзүн сергек сезгенге жардам берет. Бирок, кандайдыр бир нерселерге аллергия болуп жатсаңыз, карагаттын кыямын пайдаланбоону сунуштайбыз.

 

 

 

Алча – адамдын көзүнүн көрүүсүн жакшыртып, тамагы кычышканда жардам берет. Шекер аз аралашкан алча кыямын эртең менен тамактын алдында жесеңиз табитиңизди көтөрөт.

 

 

 

Өрүк – каны аздарга жана кош бойлууларга өрүктүн кыямы чоң жардам берет. Жүрөктүн оорушун басаңдатып, кандын айланышын жакшыртат. Бирок өрүктүн данегин көп чагып жегенге болбойт. Себеби данек шилекей безинин иштешин начарлатышы мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE