Пример HTML-страницы

Ата-энелер маселе боюнча кайрылуу жасашты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп гимназиясы менен Мидин Алыбаев атындагы орто мектебине барчу жолдон окуучулар өтө албай, унаа сүзүп кетүү коркунучу жаралып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, алар бул маселе боюнча бир нече жылдан бери эле кайрылып келишет. Бул ирет алар райондун жетекчисине жана райондук өнүктүү фондусуна кайрылышты.

«Чаек айыл өкмөтүнүн бюджети 30 млн сомдон ашса да ушул жерге окуучулар үчүн тротуар жана тосмолорго акча такыр артпай койду», — деди алар.

Чаек айылынын тургуну Салтанат Жумагулованын айтымында, мектепке балдарын жалгыз кое беришпейт Сөзсүз ошол жерден өткөрүп , сабактары бүтөрү менен кайра барып тосуп алып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE