Пример HTML-страницы

Ноокендин Эски-Кочкор-Ата айылынын тургундары эвакуацияланууда

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокен районунун Эски-Кочкор-Ата айылынын тургундары эвакуацияланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бостон айылында жайгашкан селден коргоочу тосмону суу жеп кеткендигине байланыштуу Эски-Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралган. Мындан улам жергиликтүү бийлик тарабынан аталган айылдын тургундарын коопсуз жайларга эвакувация кылуу чечими кабыл алынды.

Учурда Эски-Кочкор-Ата айылынан 300 үйдүн жашоочулары эвакуацияланууда.

Жеринде жарандык коргонуу кызматы жана жергиликтүү тургундар тарабынан өзгөчө кырдаалды жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн саат 20:45те АКУ менен 14 куткаруучу чыгып кеткен. Райондук жарандык коргонуу кызматынан 2 автобус, 2 жүктөгүч, 2 экскаватор, медициналык кызматынан 2 тез жардам унаасы, коомдук тартипти көзөмөлдөө кызматынан 2 экипаж тартылган.

Буга кошумча саат 21:30да №55 ӨКБдөн 8 куткаруучу тартылган. Жалпы 22 куткаруучу иш алып барууда.

——————

Кечээ, 21-апрелде Жалал-Абад облусунда нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон түшкөн сел суулары 68 үйдүн короо-жайын жана жер төлөлөрүн каптаган.

Табигат кырсыгынан Жалал-Абад шаарынын Дача-Тилек конушунун жана Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Комсомол айылынын жашоочулары жапа чеккен. Ушул тапта жеринде жарандык коргонуу бөлүмү жана куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюу иш-аракеттерин көрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE