Пример HTML-страницы

ЖЕМИШТЕРДИН ДАНЕГИН БАЙКАБАЙ ЖУТУП АЛСАҢЫЗ КОРКПОҢУЗ

https://kyrgyzcha.site/?p=55852&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖЕМИШТЕРДИН ДАНЕГИН БАЙКАБАЙ ЖУТУП АЛСАҢЫЗ КОРКПОҢУЗ

 

 

Ар түрдүү жемиштерди жеп жатканда данегин жутуп алуудан сактанбасаңыз да болот. Анткени айрым данектердин ден соолукка пайдасы чоң. Чындыгында андан коркуунун кереги жок. Себеби сырын билип алуу менен ал данектердин пайдасын көрүүгө болот.

 

Жүзүм данегинин тундурмасы уйкусуздуктан арылтат. Жүрөк-кан тамырларынын иштөөсүн жакшыртып, инфаркт оорусунун алдын алат. Мындан тышкары иммунитетти көтөрүп, уйкусуздукту дарылап, сасык тумоону айыктыруу менен картаюу процессин жайлатат. Ал үчүн кара жүзүмдүн данегин жууп бир литрлик банканын жарымынан саласыз да, үстүнө арак куюп 40 күн күн тийбеген караңгы жерге коюп коёсуз. Убактысы келгенде тундуруп сүзүп алып уктар алдында бир аш кашыктан ичип турасыз.

 

Цитрус жемиштеринин данектери сасык тумоодон айыктырат Цитрус жемиштеринин ичинен лимон менен апельсиндин данеги — сасык тумоодо күчтүү каражат. Анын курамындагы заттар аспирин таблеткасынын негизин түзөт. Сасык тумоолоп калганда лимондун же апельсиндин 5-6 данегин бир стакан сууга демдеп ичиңиз. Бул ыкма кош бойлууларга болбойт. Цитрус жемиштеринин курамындагы В17 витамини рак клеткаларынын өсүшүнө тоскоолдук жаратып алар менен күрөшөт.

 

Анардын данеги климакстын жеңил өтүүсүнө жардам берет Анардын данегинин курамындагы полифенол рак клеткаларын өлтүрүп, пайда болгон жаңы клеткалардын өсүшүн жогорулатат. Кан басымын акырындык менен калыбына келтирет. Данектин курамында фитогормон бар болгондуктан дарыгерлер климаксы башталган айымдарга жумасына бир жолу анар жеп турууну сунуштайт. Себеби бул учурда аялдар фитогормондорго муктаж болуп аны талап кылат. Ал эми анар климакстын жеңил өтүүсүнө жардам берет.

 

Ашкабактын данеги цистит оорусун айыктырып, ашыкча салмактан арылтат Ашкабактын данегинин ден соолукка пайдалуу жактарын айта берсек толтура. Цистит, өнөкөт сарык жана бөйрөк оорусунда төмөндөгү ыкманы колдонуу менен сизди кыйнаган оорудан арылсаңыз болот. Күн сайын ичер алдында даярдаңыз. 50 грамм данекти майдалап, ага 20 грамм шекер жана 80 мл жылуу сууну аралаштырып күнүгө үч маал тамактанарга жарым саат калганда жеп туруңуз.

 

Ден соолукка терс таасир этүүчү данектер Шабдалы, кара өрүк, алма жана алмуруттун данегинин курамындагы цианит заты организмди уулай турган касиетке ээ. Ошол себептен жогоруда аталган жемиштердин данектерин жегенден алыс болуңуз. Аз өлчөмдө, тагыраагы, 3-4 данек организмге кирсе эч кандай зыянын тийгизбейт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE