Пример HTML-страницы

Ошто дайынсыз жоголгон Албина табылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushДайынсыз жоголгон Албина Жаңыбай кызы табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чарасынын натыйжасында 2002-жылдын 22-июлунда төрөлгөн Жаңыбай кызы Албина Ош шаарынан табылды.

Ал 2024-жылдын 18-апрелинде Ош шаарындагы парктардын биринде жүргөн жеринен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинип, апасы — Өзгөн районунун 1978-жылы туулган тургуну Э.М.га тапшырылды.

Буга чейин 2024-жылдын 13-апрелинде Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөн районунун 54 жаштагы Б.З. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 4-апрелинде саат 19:00 чамасында келини — 2002-жылдын 22-июлунда төрөлгөн Жаңыбай кызы Албина үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE