Пример HTML-страницы

Окуучу кезинде министр болгон Айжамал Тойчубекова балдарга экологиядан сабак берип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районуна караштуу Покровка айылынын 38 жаштагы тургуну Айжамал Тойчубекова балдарга экологиядан сабак берген мугалим. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, 2010-жылы Талас мамлекеттик университетинин биология факультетин аяктаган.

«Апам мугалим болгондуктан анын таалим-тарбиясынан, жүрүм-турумунан, сүйлөгөн сөзүнөн, мага жасаган мамилесинин мээримдүүлүгүнөн улам мугалимдик кесипти тандагам. Экинчиден башталгыч класстын мугалиминин аяр мамилесинен улам тандадым десем жаңылышпайм. Өзү мектепте эле окуп жүргөнүмдө класстагы кыздардын баары партанын үстүнө чыгып ойноп жатышса, «эмнеге чыгып жатасыңар, аясаңар боло» деп ыйлагам (күлүп). Ошондогу классташтарым бүгүнкү күнгө чейин «кичинекей кезиңде эле мугалим болчу» деп күлүп калышат.

11-классты 2003-жылы бүткөм. 8-классымда мени «Манас ата урпактары» биримдигине чакырып, мектепте саламаттыкты сактоо министри кылып шайлашкан. Ошондо чоң чөйрөгө барып кошулгандай сезимдер пайда болгон. Негизи ошол учурдан тартып өзүмдү лидерлик сапатым бар экенин сезип келем.

Мектепте окуп жүргөн учурда бир классташыбыз үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Козучак айылына көчүп кетти. Ал кеткенден кийин кандай көчүп барды, деп эмне себеп болду деп артынан барып калганбыз. Ошол учурда мектепке барсак жаңы классташтары менен тосуп алышкан. Азыркы учурга чейин чогулуп калсак эстей беребиз. Абдан сонун күндөр болгон экен. Ал учурда телефон жок, ата-энебиз абдан издептир. Кайтып келгенде алардан тил уккан элек.», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле компьютердик сабаттуулукту жогорулатуу үчүн окуганын айтты.

«Бир топ жыл Манас районунун «Улукман» жатак-лицейинин окуу завучу, ошондой эле биология сабагынын мугалими болуп эмгектенгем. Азыркы учурда Манас райондук балдарга билим берүү борборунда экология сабагынын мугалим болуп ишеп жатам. Компьютердик сабаттуулукту жогорулатуу үчүн окуп жатам.

Сабактардан тышкары Покровка айылында 40 жашка жана 50 жашка чейинки айымдардан куралган волейбол боюнча командабыз бар. Спортко кызыгам», — деди ал.

Мугалим айым жолдошум Нурпаис Казаков экөө 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE