Пример HTML-страницы

Ошто академик Мухаммаджан Мамасаидовдун 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-апрелде Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында академик Мухаммаджан Мамасаидовдун 75 жылдыгына арналып «Санарип доорундагы фундаменталдык илимдердин өнүгүшүндөгү актуалдуу проблемалар жана перспективалары» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Маарекелик иш-чарага М.Мамасаидовдун замандаштары, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү билим берүү жана илим изилдөө ишмердигин жүргүзүп жаткан жогоркуу окуу жайлардын көрүнүктүү илимпоздору, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, академик М.Мамасаидовдун өмүр таржымалы боюнча кыскача маалымат берди. Пленардык жыйындын алдында куттуктоо сөзүнө чыккан сыйлуу коноктор академик М.Мамасаидовдун илимдеги орду, уюштуруучулук чеберчилиги тууралуу кеп кылышты. Андан соң пленардык жыйын өз ишин баштап, конференциянын аталышына ылайык докладдар окулду.

Пленардык жыйындан кийин илимий-практикалык конференция секцияларда өз ишин улантты. Андан соң конференция катышуучулары кайрадан пленардык жыйынга чогулуп, резолюция кабыл алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE