Пример HTML-страницы

Ысык-Ата районунда окуучу кыздын сөөгү табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районунда өспүрүм кыз өз өмүрүнө кол салып каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, окуучу кыздын сөөгү 19-апрелге караган түнү асынган абалда табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал 7-класста билим алчу.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 18-апрель күнү Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чоң-Далы айылынын тургуну — 2010-жылы туулган К.А. аттуу өспүрүм өз өмүрүн кыйганы боюнча маалымат келип түшкөн.

Бул факт Ысык-Ата РИИБде катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE