Пример HTML-страницы

Кара-Кулжадагы тургунду унаа сүзүп кеткен. Ал кырсык болгон жерде көз жумду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунда жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 9-апрелде саат 22:05 чамасында 1969-жылы туулган К.Э.ни белгисиз айдоочу автоунаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен К.Э. алган жараатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Бүгүн, 10-апрелде Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан айдоочунун өздүгү аныкталып, кармалды. Айдоочу Т.Ж. «Honda HRV» унаасы менен жөө адамды сүзүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE