Пример HTML-страницы

Кореяда жашаган Адилет пандемияда кабылган окуяны унутпайт

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылынын 22 жаштагы тургуну Адилет Исмаилов. Ал учурда Түштүк Кореяда котормочу жана мугалим болуп эмгектенет. Turmush басылмасынын кабарчысы мекендеш менен маектешти.

Адилет Исмаилов 2020-жылы Кыргыз-корей колледжин филолог жана котормочу кесиби боюнча аяктаган. Ошондой эле 2023-жылы ОАКИде (Орто Азия корей институту) лингвистика боюнча билим алган.

«Корея өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киргендиктен бул жактан жаңы билим алып, мекениме барып, кызмат кылсам деген ойлорум бар. Корея десек эле ири компаниялар, корей косметикалары, K-pop жана дормалары эске түшөт эмеспи. Кореяда бардык нерсе электрондоштурулган, жашоого өтө ыңгайлуу. Эгер аракетиң, талантың болсо, мүмкүнчүлүктөргө бай өлкө.

Эли тууралуу айта кетсем, кыргыздардан өзгөчөлүгү аябай мээнеткеч, тартиптүү калк. Тарыхты карасак дагы дүйнөдө 60 жылда тез өнүккөн өлкө Корея гана. Ушунчалык мээнетти сүйүшөт. Ал эми чет өлкөлүктөргө мамилеси жакшы, улутчулдук кысым азырынча көп көрбөдүм. Жашоо эркин, эч кандай кысым кылышпайт. Албетте, арасында наадан адамдар кезигишет. Бирок алар анда-санда гана.

Аба ырайы болсо, Кыргызстандыкындай эле 4 мезгил бар. Болгону жазында нымдуулук жогорулаган учур болот. 2-3 жумага созулат. Ошол кезде мончодо жүргөндөй болуп, бир аз кыйналабыз.

Экономикасы, жашоо-шарты өтө жогору. Мага бул жакта жашоо аябай ыңгайлуу. Балким ошол үчүн да Кореядан кетким келбейт. Корея мени бул нерсе менен таң калтырды деп айтуу оор. Себеби Кореяга келгенге чейин бул жактын жашоосу тууралуу баарын окуп, билип калган болчумун. Корея мен үчүн экинчи үйүмдөй эле сезилген. Айылга чоң энемдикине конокко барган сыяктуу. Балким башка жердештер үчүн таң калтырган нерселер көп болсо керек», — деди ал.

Адилет Исмаиловдун айтымында, чет жакта жашап жатканга кызыктуу окуялар көп болот.

«Негизи кесибиме байланыштуу корей тилин абдан жакшы билем, өз эне тилимдей эле. Бир күнү жаңы батир издеп, кыймылсыз мүлк агенттигине бардым. Ал кезде коронаривирус пандемиясы болуп, баары беткап режиминде эле. Мен дагы беткап кийип, күндөн коргоочу көз айнегими тагынып бардым. Батирди сүйлөшүп, батирге кире турган учурга келгенде көз айнегимди чечтим. Анан мени карап, «Сен чет өлкөлүксүңбү» деп сурады. «Ооба» дедим. «Бул батирди чет өлкөлүктөргө бере албайбыз. Корейче аябай так сүйлөсөңүз корей экен деп ойлоптурмун» деген. Экөөбүз тең каткырып күлүп, ары шок болгонбуз.

Бош убактымда китеп жазам. Азыркы учурда корей-кыргыз сөздүгүн жазып жатам. Анан албетте саякаттаганды жакшы көрөм. Жаңы жер көрүп, жаңы адамдар менен сүйлөшүп, жаңы даамдарды татып көргөнгө эмне жетсин. Ошол нерселерден кубат алам. Келечектеги максатым — дагы да терең билим алып, Кыргызстандын тарыхында бир четинен агартуучу деген орун алуу. Кудай буйруп калса, Кыргызстанга лингвистикалык институт ачам. Ошондой эле көптөгөн лингвистикалык китептерди жазсам деген пландарым бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE