Пример HTML-страницы

Ак көгүчкөн 6 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак көгүчкөн.

    6- бөлүм.

Чаңырып жиберсем кулагы тунуп кеттиби, муштап бетиме урду эле калганын билбейм. Талдуу жериме тийсе керек, ошондо деле денем катуу ооруганы билинет. Ойгонсом Жусуптун үйүндө экенмин, бетимдин сол капталы көгөрүп шишигени болбосо калган жагым жакшы эле. Мени бир күн токтобой кыйнаганы билинбейт.

— Эми эмне кыласың?

Жусуп башын жерге салып олтурган жеринен, башын көтөрбөй туруп суроо узатты.

— Билбейм, көчөдөн бирөө тоноду дейм.

— Ишенбейт Айжамал, сен жалгыз үч- төрт баланы жыга чабасын. Эч ким ишенбейт, мени айт. Мени кызганып муштум менен салды де. Антпесең сенден күмөн санап, жолдон алышат. Экинчи көрүшпөй калуубуз мүмкүн.

— Аны билем дечи, сени бул жерге аралаштырбайм. Менин бир күн кабарсыз жоголуп кеткениме өздөрү деле шектенип олтурушса керек. Кудай айтканы болот, мени үйгө жеткирип койчу бош болсоң.

Жусуп мени эшиктин алдына чейин узатып келип, өзү коштошуп кетип калды. Үйгө кирүүгө батынбай, кечеки жанымдын ооруганын эстеп бир жерде көпкө катып тура бердим. Үйдө Дүйшөн бар экен, өзү эшикти ачты.

— Дүйшөн, Жусуп үйгө кирип калса эмне болот эле? Ал сени тааныйт да, биздин иш баары ойрон кетмек.

—Бир күн бою кабарсыз жоголуп кеттиң, кайда болдуң?

— Биз тоого барып эс алдык, ал жерден мурун көрбөгөн эки досу менен чогу болдук. Алар үй-бүлөлүү экен, балдары менен чыгышты. А түгүл Жусуп мага органда иштээрин дагы билдирбейт.

— Бетиңе эмне болду? Же сени биз жибергенибизди билип коюштубу?

— Жок, тоодо мага жанагы досунун бирөөсү жабышып ит кылды. Аны бир муштап ары итере коёюн десем, Жусуп менден күмөн санап калабы деп эч нерсе кыла албадым. Мас неме басып жыгылды эле бетим менен жерге куладым, болгону ошол.

Дүйшөн ишенди окшойт унчукпай калды, үйгө кирип кеттик. Мен кийим которуп, жуунуп жүрсөм дагы кеткен жок. Бир сөзү барбы же денемде көк ала жокпу көрөйүн дедиби, айтор менден көзүн албай тура берди. Бизде уялуу деген сезим жоголуп кеткен, ич кийимчен жүрө бермей. Денем таза экенин көрүп анан жаны жай алды. Мага акча таштап, батыраак кандайдыр бир жаңылык алып келүү керектигин айтты. Жусуп болсо мени Израильге качырып жиберүүгө даярданып жаткан. Бир аз убакыт өтсө артымдан бараарын, биз балким сүйүшкөн жубайлар болуп калышыбыз мүмкүн экендигин айткан. Баарына макул болдум, азап көрүп күндө кыл үстүндө жашаганча качып кеткеним оң. Туура бир жумадан кийин кетмей болдум, биринчи Дубайга, Дубайдан Израильге учат экенмин. Бат-Ям-Бальфур шаарча, кооз көлү дагы бар экен. Апамдын үйүн саткан акча биринчи убакка жетип турса, анан жумушка орношуп эптеп күнүмдүк жашоо өтө берет. Дүйшөндон паспортту алуу кыйынга турду, Жусуп Алматыга жолугушууга барабыз деп жатат деп араң алдым. Текшерүүсү анык, ошого билетти ошол Аэропортко барганда алмай болдук. Бирок, мага бир билет анык алынган жөн гана базага киргизилген эмес. Дүйшөн качан барат экенсиңер деп сураганынан, дагы бир нерседен күмөн кылбасын деп Алматыга дагы барып келдик. Эртең таң атпай Дубайга учам дегенде келдик Алматыдан. Дүйшөнго азыр бир аз эс алып паспортту алып барып берем деп койгом. Түшкө чейин саат он чамасында мен өлкөдөн чыгып кеттим. Жусуп менен коштошуу кыйын болду, атам көрбөгөн жерде кантип күн өткөрөм деп кыжаалат болдум. Бирок көчөдө таштанды терсем дагы өлүп калгандан артык го деп кете бердим. Дубайдан формачан эки киши тосуп алып, Израилдин учагына олтурганча коштоп жүрүштү. Дубайдан башка документ менен чыктым. Жеткен соң бараар жер жок, бир күн Аэропорттун өзүндө түнөгөнгө туура келди. Таң атып эшикке чыксам биздикиндей эле таксисттер толтура турат. Орусча, Англисче, Арабча сүйлөшөт экен. Мен орусчаны жакшы сүйлөйм, Арабча такыр билбейм, Англисче дагы анча-мынча эле түшүнөм. Орус тилинде сүйлөгөн айдоочуга олтурдум. Кагазга дарек жазып берген эле, көрсөтсөм дароо алып жөнөдү. Картаң орус кемпирдин үйү экен, алдын ала сүйлөшүп койгон үчүнбү урматтуу конокту тосуп алгандай кабыл алды. Байкуш кемпир жалгыздыктан тажаганбы, көпкө чейин сүйлөшүп олтурдук. Ал мени мактап, Кыргызда дагы оруска окшош сулуулар бар экенине таң калып турганын айтты. Мактаган кимге жакпасын, Люда апаны өзүмдүн өлүп калган апамдын ордуна кабыл алдым. Экөөбүз бат эле жакын адамга айландык, мен үчүн чын дилден күйүп турат. Ошол жерде санаторий бар, ошол саноторийде сиңдиси иштейт экен. Эртеңден баштап мени ошол жерге жумушка орноштурууну убада кылды. Кудай буюрса баары жакшы кетип жатат, менин жашоомо ошол тапкан акчам жетсе, бир аз чыдасам Жусуп дагы келет. Анан мен күткөн бакыт дагы келээр. Негизи мен үй-бүлө курууну кыялданган эмесмин, эч качан. Ата-энесиз балдарды көрүп, мен үчүн дагы ымыркай балдар азап тартышын каалабайм. Жүрөгүм назик, эмнегедир мен дагы мени жарык дүйнөгө алып келген өз апама окшоп эрте эле бул жашоодон кетип калчудай сезилет. Бирөөнүн жеринде өмүр бою тура албайсың, балким Ала-Тоомду сагынып бир күнү барсам, жанагы Дүйшөн деген таап жанымды алат. Маңдайыма жазылган жашоону көрөм да. Эртеси эле мени Люда апам санаторийге жумушка орноштуруп келди. Денени кактаган чооң аппараттар бар экен, ошолорду тазалап, кечинде пол жуумай. Жумуш түштө башталат, түшкө чейин Люда апама кол кабыш кылам. Жашоо бир нукка түшүп, оңолуп калды. Ошондой күндөрдүн биринде Аврам аттуу бала менен таанышып калдым. Аврамдын атасы Кыргыз, апасы Дагестандык экен. Тим эле келишкен бала, өңү эле эмес мүнөзү дагы бир башкача. Санаторийдин жанындагы ооруканада дарыланып көптөн бери жүрөм деди. Кээде биз тарапка дагы өтүп, эс алып кетчү. Түштө келип мени жумушка чейин алып барат, кечинде үйгө узатат. Өзүң ооруп жатасың, кыйналып убара болбо десем дагы болбойт. Жусуп мага кабарлашып дагы койбоду, бир чети түшүнөм ал аркылуу мени таап албасын дейт окшойт. Арадан эки ай билинбей, учкан куштай өтүп кетти. Мен асманда учуп жүргөндөй бактылуумун. Аврам турсам турдунбу, жатсам уктадынбы деп көзүмдүн кареги менен тең айланып турат. Аврам тууралуу Люда апама айтсам, ал дагы мен үчүн аябай кубанды. Байкуш кызым, бактыңды тапчы деп көздөрү бажырайып кетет. Ошол кезде өзүмдүн апамды эстеп кетем, ал байкушум көзү тирүү болгондо мени канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай асырап бакмак да. Люда апамдын суранычы боюнча Аврамды үйгө конокко чакырып, тааныштырдым. Люда апама дагы аябай жакты, тартиптүү, билимдүү интелегент экен деп күлөт. Бирок, биз дос мамиледебиз. Аврам кыз-жигит бололу дегенде мен көнбөй койгон элем, эрте деп. Аврам болсо убакыт келгенде өзүң жообун айт, мен канча болсо дагы күтөм деген. Ал кезде Аврамга болгон сезим эмне экенин түшүнбөйт элем, азыр түшүнөм. Сүйүү экен, жөн гана сүйүү эмес, Аврам менин таза, тунук тун сүйүүм. Жусуп менен Аврамга болгон сезимимди салыштырсам, Жусупту коргоочум, агам катары жакшы көрөт экенмин. Ал деле ошондой болсо керек, анткени ошончо чогу жүрүп менин чекемден дагы өпкөн эмес. Ал мени дайыма аёо көз караш менен карачу. Кыйналып турганда, коргоп алам дегенсип кучагына катчу. Ооба, агам катары. Жусуп мага үмүт дагы берген эмес, ал артымдан келген күнү деле ашып кетсе бир ай жанымда жүрсө керек. Бир кызды деп жумушун, туугандарын, мекенин таштап кетпейт да. Мен Жусупка түшүндүрөм, биздин мамилебиз бир туугандын мамилеси экенин. Менин ичимде мени кыйнаган бир сезим пайда болуп алды, саткынчы, чыккынчы сезим. Аврам менен чогу жүргөндө Жусуптун көзүнө чөп салгандай, аны алдап жаткандай туюлат. Өзүмдү өзүм күнөөлөп, Аврамдан дагы алыстап баштадым.

— Мен эмне кылдым, кандай жазык кетирдим!-деп Аврам үйдүн алдынан кетпейт. Гүл алып келет, таттуу алып келет. Ортодо Люда апамды дагы өзү тарапка өткөрүп алыптыр. Кирип алып, байкуш баланы аяп койчу, ал сени жакшы көрөт, сен дагы жакшы көрөсүң го. Көздөрүң айтып турат, эмнеге өзүңдү да, Аврамды дагы кыйнайсын!-деп бир маал урушуп кетет. Бир ай чамасы өзүмдү алып качып жүрдүм, чүнчүп кеттим. Кыйналдым. Жусуптун коңгуроосун аябай күттүм, акыры коңгуроо кылды.

— Кандайсың Айжамал, баары жакшыбы? Жакшы жетип, жакшы орношуп алдыңбы.

— Жусуп сенби? Сен дагы менден кабар ала турган күнүң барбы э? Мен жакшы рахмат, сени аябай күтүп жатам.

— Айжамал мен азыр бара албайт окшоймун, Дүйшөн ызырынып жүрөт. Угушумча сени Дубайдан издеп жаткан имиш. Азыр мен сага дагы эптеп бир жолун таап байланышып жатам. Абайлачы деги, мага таарынбай тур.

— Мейли андай болсо, ошолор колго түшкөндө кезигебиз.

— Айжамал, мен үйлөнүп жатам. Тойго чакырайын десем тоскоолдук бар, ошол үчүн жөн эле сүйүнчүлөп койдум.

— Эмнеге? Кандайча? Сен мага келем дедиң эле го, мен сени күтүп жүрөм.

— Ушундай болуп калды, мен сени бир тууган карындашымдай көрөм.

— Бактылуу бол…..

Башка сөз оозумдан чыккан жок, мен Жусупту сатып кеттимби деп өзүмдү жеп жүрсөм. Ал мага үмүт берип коюп, келем деп коюп башкага үйлөнүп жатат. Мен ал үчүн ак сүйүүмдөн кечип, күтүп жүрсөм ал менин башымдан аттап кетти. Мени колдонуп, ыргытып жиберген буюм катары көрүп жатабы? Мен Жусупка таарындым, намысым тепселип калгандай сездим өзүмдү. Бирок негедир бул таарынычтын артында чооң кубаныч турган сыяктуу. Эми мен эч ойлонбостон Аврам менен бирге боло алам, Аврамдын сүйүүсүнө сүйүү менен жооп бере алам. Жусуп мага жашоо, боштондук гана белек кылбастан чыныгы сүйүүгө жол ачып берди. Таарыныч менен ыраазычылык бирдей коштоп, башкача акыбалда көпкө жүрдүм. Өзүмө келген соң, Аврам менен жолугуп, сунушуна макул экенимди билдирдим.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE