Пример HTML-страницы

Оштогу окуучуларга кинолог иттер кылмышкерлерди кармоодогу жөндөмүн көрсөттү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгында кезектеги ачык эшиктер күнү өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, аларга кесипке багыт берүү максатында уюштурулду. Милиция кызматкерлери жогорку класстын окуучуларын келе жаткан акыркы коңгуроо салтанатын мыйзам бузбай өткөрүүгө чакырды. Окуучулар менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Акылбек Бекишов жолугушту.

Окуучуларга милициянын кайгуул кызматынын атайын каражаттары, автотехникалары, бөлүм менен кызматтардын ишмердүүлүктөрү тааныштырылды. Милициянын атайын полкунун атайын операциялар отрядынын кызматкерлери күнүмдүк машыгуулары учурундагы чеберчиликтерин көрсөтүшсө, башкармалыктын кинология борборуна таандык кызматтык иттер кылмышкерлерди кармоо, мыйзамсыз заттарды табуудагы жөндөмдөрүн тартуулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE