Пример HTML-страницы

Былтыр Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан мамлекетик бюджетке 4 млн сомдон ашык акча кайтарылды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush2023-жылы Жалал-Абад облусунда жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине байланышкан 679 мыйзам бузуучулук аныкталган. Бул тууралуу облустук прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Ы.Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, былтыр жалпысынан 245 текшерүү жүргүзүлүп, 679 мыйзам бузуучулук аныкталган. Аталган мезгил аралыгында мыйзам бузуучулуктарды четтетүү жөнүндө 202 сунуштама, 33 мыйзам бузуучулукту жоюу жөнүндө талап келтирилип, 2 эскертүү, 5 каршылык билдирүү берилип, 1 тартиптик өндүрүш иши, 1 административдик өндүрүш иши, 1 кылмыш иши козголгон. Келтирилген прокурордук актылардын негизинде 256 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке, 1 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылып, мамлекеттин пайдасына 4 млн 116 миң 194 сом акча өндүрүлгөн.

Аныкталган мыйзам бузуучулуктарды мыйзамдарга бөлүп караганда төмөндөгүдөй көрсөтүлөт:

• Эмгек жөнүндө – 212;

• Пенсия мыйзамдарынын аткарылышы – 19;

• Социалдык камсыздандыруу мыйзамдары – 46;

• Жарандардын саламаттыгын сактоо багытында – 63;

• Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо – 39;

• Эркектер менен аялдар учун бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери – 26;

• Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө багытында – 48;

• Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө – 130;

• Миграция багыты боюнча – 25;

• Башка мыйзамдарынын аткарылышы боюнча – 71.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE