Пример HTML-страницы

Караколдо малдын сөөгү толгон чиркегичтин ээси табылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКаракол шаарында мал сөөгү толгон чиркегичтин ээси табылды.

Буга чейин Кыдыр-Аке көчөсүнүн боюндагы көрүстөнгө жакын аймактан малдын сөөгү табылгандыгы жазылган.

Кийинчерээк Каракол шаардык мэриясы комментерий берди. Маалым болгондой, 2024-жылдын 20-апрелинде саат 09:00 чамасында Каракол шаарынын мэриясынын №1 муниципалдык аймактын башчысы А.Эдиков Кыдыр-Аке көчөсүндө жайгашкан көрүстүнгө жакын жерден маалдын сөөгү толгон жүк ташуучу унаанын чиркегичи табылгандыгын билдирген.

Жеринде облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик экологиялык взводдун инспектору, милициянын капитаны Д.Уметалиев, Каракол шаардык Ветеринардык башкармалыгынын башчысы Б.Касымалиев, Каракол шаардык ички иштери бөлүмүнүн улук тергөөчүсү А.Самаков менен акт түзүлүп, мекемелердин кызматкерлерине мыйзам чегинде тийиштүү иштерди жүргүзүүсү тапшырылды.

Азыркы учурда оор жүк ташуучу унаанын чиркегичинин ээси аныкталып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Мэриядан кошумчалашкандай, чикегич алынып, мал сөөгү тазаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE