Пример HTML-страницы

ОшТУда университеттер аралык аймактык XI студенттик олимпиада өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде университеттер аралык аймактык XI студенттик олимпиада өткөрүлдү.

Олимпиадага республиканын түштүк аймагындагы жети окуу жайынан (ЖАМУ, ЭАУ, ИТЭИ, КӨЭАУ, ОшМУ, ОшМПУ, БАТМУ) илимий иштер боюнча проректорлору, илим бөлүмүнүн башчылары, 800дөн ашуун студент жана жооптуу окутуучулар катышты.

Аймактык олимпиаданы ОшТУнун ректор Жанболот Турсунбаев ачып, жети окуу жайдан келип катышкан студенттерге ийгиликтерди каалады. Жогорку окуу жайлардын илимий иштер боюнча проректорлору куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Олимпиада студенттердин предметтерди тереңдетип үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүккө кызыгууну өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталып, 1-орун 37 студентке, 2-орун 37 студентке жана 3-орун 37 студентке берилип, 1-2-3-даражадагы дипломдор жана белектер тапшырылды.

Аталаган иш-чара илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, окуу жайдын жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан колдоо көрсөтүлдү.

Кезектеги университеттер аралык аймактык XII студенттик олимпиаданы өткөрүү эстафетасы Б. Сыдыков атындагы КӨЭАУга берилди.

Эскерте кетсек, олимпиаданын тесттик тапшырмаларын жана суроолорун ОшТУнун жооптуу окутуучулары түзүп, санариптештирүү менен өткөрүлдү.

Ал эми ОшТУнун студенттери катышкан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE