Пример HTML-страницы

Баткенде милициянын жаңы имараты салына баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде чек ара аймагындагы милициянын имараттарынын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратына жана ошол аймакты тейлеген милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө милициянын аймактык пунктуна, ошондой эле Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратына капсула салуу аземи өттү.

Баткен ШИИБдин жаңы имараты шаардын Чет-Булак кварталынан 50 сотых жерге 3 кабаттуу болуп, бардык шарттары менен курулат. Имаратта убактылуу кармоо жайлары, короосунда автоунаа токтотуучу жайлар, спорттук, саптык аянттары менен курулат. Жергиликтүү бийлик тарабынан атайын жер тилкелери берилип, заманбап типтеги имараттарды курууну ИИМдин куруу монтаждоо башкармалыгы колго алган. Имараттардын курулуп ишке берилүүсү Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына тактап айтканда ушул жылдын 1-ноябрына белгилеген.

Капсула салуу аземине Баткен ОИИБдин башчысы Улан Жукенов, Баткен РИИБдин жетекчиси Алмазбек Шагамурзаев, Баткен ШИИБдин башчысы Турдубай Саматов, Баткен шаарынын мэри, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү тургундар, айыл аксакалдары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE