Пример HTML-страницы

Кыянат 18 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ 

18 болум

 

Маржан үйгө киргенде эле маңдайынан жолдошу чыкты.

 

– Эмне көздөрүң кызарып калган?- аялынын кыйналып жаткандай кебетесин көрүп Болот чочуп кетти.

 

– Жумуш көп, ошондон эле болсо керек,- чыгарда өзүмдү күзгүдөн бир карап албапмын деди ичинен Маржан.

 

– Акыркы жылдары жумушуң сага оор боло баштаганы байкалып жатат. Дайыма чарчаңкы абалда жүрөсүң. Маанайың да суз. Балким, жумушуңдан чыгып үйдө эс аласың? Ушинтип жүрүп ооруп калсаң эмне болот?

 

– Төрт дубалды тиктеп үйдө жата аламбы?

 

– Ой, эми үйдөн такыр чыкпай калмак белең, каалаганыңды кылып жүрө бер, дүкөн кыдыр, салонго бар дегендей,- чын эле аялына жаны ачып турду. Маржандын кыйналып жүргөнүн байкап эле жүрөт. Жумушу оор деп ойлоп койчу. Жумуштан чыгып эс алса эле аялы жаркырап көңүлү ачылып калчудай болуп жатат. Анын ичинде башка көйгөйү бар экенин Болот кайдан билсин? Маржан чарчадым деп жатып алды. Болоттун маңдайында отурууга дарманы жок эле. Оюнун баары Байэлде. “Эптеп бир жолун таап кыздан алыстатышым керек. Эрте тапсам, Баатырга мурун эле айтсам эмне, балким, экөө башта эле тууган болуп таанышмак. Карындашы менен сүйүшүп калат деген эмне шумдук? Бул да болсо Кудайдын бизге кылган жазасыдыр. Эх, биз го биз. Балдарда эмне күнөө? Буларга биздин кылганыбыздын запкысын тарттырып жатабыз. Ушунун баарына мен күнөөлүүмүн…”

 

Мындай ойлордун учу үзүлбөй койду. Маржан таң атканча өзүн жеп чыкты. Уктамыш болуп дубалды карап жатканы менен, түнү бою уйку бетин көргөн жок. Таң сүрүп жерге жарык киргенде эле туруп, үйдөн чыгып кетти.

 

ххх

 

Арс үчүн алдыдагы беттеш мааниге деле ээ болбой калды. Ойлогону эле Аделя. Байэлге болгон кыжырдануусу боюнан ашып, сүйүүнүн азабын тартып турган чагы. Канчадан бери сактап жүргөн режимин бузуп, түндө ичимдик да ичип алды. Таңды көчөдө унаасында атырды. Кечээ тартылган телефонундагы Байэл менен Аделянын бактылуу сүрөтүн карап жинденип отурду. Аделя андан качкан сайын Арстын кубалап жеткиси келип жатты. “Мендик болбойсуңбу, Байэлдики да болбойсуң! Мен жөн турбайм. Эч болбосо тынчтыгыңарды, ынтымагыңарды бузам” деп рулду бир муштады. Саатты карады да, дароо кимдир бирөөгө телефон чалды. Ага бир даректи айтып, ошол жактан жолугарын макулдашты да, газды катуу басып унаасын учурган бойдон айдап кетти. Аделянын үйү жактан бир жигит менен жолукту Арс. Өзү колуна гүл көтөрүп алган. Тиги жигитке колун жаңсап, Аделянын үйү жакты көрсөтүп аябай бир неселерди түшүндүрдү да, унаасын айдап барып Аделянын дарбазасынын алдына токтоп, коңгуроону басты. Бир аздан кийин дарбаза ачылып сумкасын көтөрүп Аделя чыкты. Бул убакта Аделя сабакка жөнөйт. Айбек келди окшойт деп шашып чыккан, Арсты көрүп алайып туруп калды.

 

– Кандайсың?- Арс жакындап гүлдү сунуп, кызуулугуна салып кыздын бетинен чоп эттире өөп алды. Аделяга ичимдиктин жыты бур дей түштү.

 

– Келбеңиз дебедим беле сизге? Эмне, ичип да алгансызбы?- Аделя акырая карап гүлдү түрттү.

 

– Алып койчу, мен сага атайын алып келдим. Көрдүңбү таң атпай келдим. А тигиниң болсо беймарал уктап жатат.

 

– Уф-ф, макул, алайын, бирок башка кайталабаңыз. Барып, эс алыңыз, үйдөгүлөр көрбөсүн.

 

– Кетем азыр. Бирок, элестет, Аделя, ичим өрттөнүп жатат, мен сени сүйөм, а сен башканы. Болгондо да менин душманымды,- жигит көкүрөгүн каккылай.

 

– Чүш, болдуңуз!

 

– А мен башкаларды сүймөк турсун, көрбөй жатпаймынбы. Сен менден качкан сайын мага жашоо кызыксыз. Беттештер да калды,- Арс колун шилтеди да, унаасына отуруп учурган бойдон айдап кетти. Ал кеткенден кийин эле Айбек келип токтоду.

 

– Эмне кечиктиңиз?

 

– Тыгын кычап…

 

– Аз жерден эшиктин алдында концерт болуп кете жаздады.

 

– Тиги Арспы?

 

– Дал өзү?

 

– Ии, ага эмне болгон, өлөрүнө карабай?

 

– Билбейм эмне болгонун,- сөздү көбөйткүсү келген жок.

 

– Гүлчү,- Айбек күзгүдөн Аделяны карап ачууланып турганын байкады. Андан ары эч нерсе деген жок. Унаа окуу жайдын алдына токтоду.

 

– Муну жеңеме берип коюңуз, өзүңүз алгандай болуп.

 

– Эмнеге?

 

– Жөн эле. Сөзсүз эле бир нерсе болгондо бермек беле, кызыксыңар,- унаанын эшигин тарс жаап басып кетти Аделя.

 

ххх

 

Байэл Тахир менен жүрүп үйгө кеч келип жаткан. Ал жаткандан бир аздан кийин эле шырп-шырп деген үн угулуп уктай албай койду. Терезеден караса бирөө көчөнү шыпырып жатыптыр. Бир аз чыдап койсом кетер деп кайра жатты. Жарым саат өттү, токточудай эмес.

 

– Эй, сен уктатасыңбы?

 

Тигил укмаксан боло өз ишин уланта берди.

 

– Эй, сага айтып жатам, таң атканда шыпырсаң болбойбу? Мен сенин айыңдан уктай албай жатам. Кетчи, болду, шыпырып деле бүттүң го. Эшик тынчып калды. Байэл эми таттуу уйкуга киргенде телефонунан ойготкуч чырылдап калды. Турбаска чарасы жок, бүгүн болгондо да балдарды Капар чогултуп жаткан. Ал кечиккендерди жаман көрөрүн Байэл жакшы билет. Абакта отуруп чыккандан бери убакытка өтө так болуп калганын айтып калышат. Байэл айтылган убакытка Капар жайгашкан дарекке келди. Сырттагы жигиттер Байэлди түз эле ичке киргизип жиберди. Капардын жанында беймарал чай ичип отурушканына караганда Баха менен Тахир небак эле келген көрүнөт. “Капар дегенде уйкулары качып калат көрүнөт. Булар укташкан деле эмес го” деп ойлоп жиберди тигилердин жанына келгенче.

 

– Ассалом алейкум!

 

– Алейкум салам,- Капар саламды алик алып жатып саатын карады. Кыязы, кечикпей келдиби деди көрүнөт.

 

– И-и, кел, чайга отур,- маңдайына кол жаңсады. Өзү болсо адаттагыдай хандын тагындай болгон үстөлүндө отурат.

 

– Мына, биздин чөйрөгө аралашканыңа көп эле убакыт болуп калды. Бизге эч ким сага окшоп оңой жол менен келген эмес. Сен беттеш күнү шефке көрүнүп калганың үчүн ушундай болду. Сага суктанып жаныбызда жүргөнгө ашыгып канчасы жүрөт? Так что, Бася, ордуңду бил,- Баха чайын шорулдата ууртап чыныны столго койду да, кебин андан ары улантты. Капар кээде көз кыйыгын Байэлге салганы болбосо, калыбынан жазбай отурат. Бул маалда Тахир бөлмөдөн чыгып кетти.

 

– Пайда бере турган өсүмдүк дайыма убакытты, камкордукту талап кылат, аны баарыбыз билебиз. Сен өзүңдү ошол түшүм бере турган өсүмдүкмүн деп эсепте. Зыянынан башка пайдасы жок отоо чөп эмессиң да. Эми сен Тахирдей болуп өзүң чоң маселелерди чечип, чоң суммаларды тартып келе алгыдай болушуң керек,- тренинг өтүп жаткандай берилип сүйлөп жаткан Бахага Тахир бир кара папка алып келип берди.

 

– Бардык маалыматтар бар,- Тахир ордуна отурду. Ичин ачып бир сыйра карап чыкты Баха.

 

– Байэл, сен иштин жөнүн түшүнөсүң. Мына бул папкада капыстан байып кеткен бир аялдын таржымалы бар. Күйөөсү бир олигарх болчу. Өмүрү кыска экен, өтүп кетти. Бар байлыгы бүт аялында калды. Бир уулу бар, ал үчүн аял баарына даяр. Сенин түшүм берер маалың келди. Кандай пландайсың, аны өзүң билесиң. Эгер планың жарабай калса өз башың менен азабын тартасың. Эрежени билесиң, бизди сата турган болсоң бизден тирүү калбайсың. Кызылдарсыз, эч кандай маселе жаратпай чоң сумма өндүрөсүң, бизнестерине доляга отурасың, айтор, мүмкүн болушунча аракет кыласың,- Баха папканы Байэлди көздөй ыргытты.

 

– Канча убакыт?

 

– Мага десе бүгүн, баары сенин колуңда. Өлүмдөн башканын баары эрте болгону жакшы да. Сен бошсуң, Байэл. Өзүңө, бизге, ишиңе баарына сак болуп, планыңды түзө бер. Планың бышканда байланышка чык, калганына мен жардамдашам,- Тахир Байэлди сыртка узатып жөнөдү.

 

– Документтерди жоготуп алба. Ал көптөгөн эмгек менен чогулган. Бася, Бася, эми сага ийгилик!- сыртка чыгып бара жаткан жигитти узата карап Баха ушуларды сүйлөдү.

 

Капар өз сынынан жазбай тынч отуруп алып жанындагылардын көз карашын, сүйлөгөн сөзүн, кыймыл-аракетин дыкат талдап отурду.

 

– Мм, ишти болсо бердик. Кың дебей жөнөп кеткенине караганда көзү жетти көрүнөт. Кеңеш берип, жол көрсөтүп коюшубуз керек эмес беле?- Баха Капардын оюн билгиси келди.

 

– Өз алдынча иш жасап көрсүн. Кандай иш болбосун башынан ар ким өзү кылып көргөнү, өз акылын пайдаланганы жакшы. Бир нерсе болуп кетсе, ким эмне айтса ошону кылайын деп дөлдүрөп бирөөнүн ишаратын күтүп тура бербей, ойлонуп жолун табат,- деди Капар адаттагыдай эле бир калыпта. Ал бирөө иш кылып жатса киришпейт, жайына коёт. Ага айдама эмес, өз алдынча ойлонуп иш кыла алган, бирок пайдасын аны менен бөлүшкөндөр көбүрөөк жагат. Такыр эле иттей болуп чакырса келип, кет десе кетип, айдактаса үрүп жүрө бергендерди ал башка иштерге пайдаланат.

 

Байэл үйү жакка жеткенде унаасын токтотуп баягы кара папканы карап калды. “Бир уулу бар, ал үчүн аял баарына даяр” деген Баханын сөзү акылына кадалып калгандай улам-улам кулагына жаңыра берди. Рулду черткилеп, чылым чегип бир саамга унаада ойлонуп отуруп, папканы көтөрүп батирине кирип кетти. Уктоочу керебетине отуруп баягы папканын ичиндеги кагаздарды чача баштады. Чү дегенде эле арыкчырай, чырайлуу 30 жаштардагы аялдын, ага тиркелген 3-4 жаштагы баланын сүрөтүн көрдү.

 

– Мм, сулуу аял экен. Баласы да тим эле өзүнө окшош го,- Байэл кичинекей баланы бир топко карап отурду да, блокнотуна бир нерселерди жазды. «Мээге баарын сактайм деген болбойт, баары бир чаржайыт болуп кетет» деп минтип кагаз бетине жазып пландап иштөө керектигин Тахир үйрөткөн. Анан телефонун алып социалдык тармактарды ачып, аялдын аты-жөнүн жазып, аны ошол жактан издей баштады. Улам бирин ачып сүрөтүн көрүп, колундагы сүрөткө салыштырып жатып үч социалдык тармактан аялдын баракчаларын таап алды. Бирин калтырбай барактап, ар бир сүрөттү, видеону карап, анын алдындагы билдирүүлөрдү окуп чыкты. Көпчүлүгүндө күйөөсүн эскериптир, баласын кандай жакшы көрөрүн жазыптыр. Аялдын баласына болгон сүйүүсүн, сонун сөздөрүн окуп алып Байэл өзүндөгү эгерим толбогон боштукту сезди. Килейген киши болуп калса да энесинин сүйүүсүнө сугарылып өсүп жаткан балага эмнегедир ичи тарып кетти. Өзү ошол сүйүүнү сезбей калганына ызаландыбы, айтор, таноолору көөп, ачуусу жүзүнө чыга түштү.

 

ххх

 

– Ким болуп кетти, жаадырды го,- телефонуна катары менен түшкөн билдирүүлөрдүн үнүнөн улам жигит телефонун карады, жайнаган сүрөт келиптир. Көрө калайын десе интернет начар болуп, сүрөттөр ачылбай тура берди. Түндө тыңыраак уктабаганга телефонду карап жатып көзү илинип кетиптир. Телефонго келген чалуу аны ойготту. Тынч болгонго бир топко уктаптыр. Чалууну алганга жетишпей калды. Караса жанагы сүрөт жөнөткөн номер экен. Дароо сүрөттөр эсине түштү. Ачса баары көчүптүр. Аделя менен Арстын сүрөттөрү экен. Арс кучактап, гүл берип, өөп жаткан… Айтор, ар бир кадамы тартылыптыр, болгондо да Аделянын үйүнүн жанынан. Байэл баарын көргөнгө чыдабай койду. Чекесинен чылпылдап тер чыгып, көзү канталап чыкты. Аделянын номерин терди, өчүк экен. Кайра-кайра чалып, СМС жаза берди. Телефон эч күйбөй койду. Ого бетер жини кайнап чыкты.

 

– Менден качып жатасыңбы, ушинтип эле баарын бүтүрүп коём деп жатасыңбы?- сүйлөнүп, улам-улам СМС жаза берди. Улам ары-бери басат, эмне кыларын билбей калды. Бир маалда сүрөт жөнөткөн номерге чалды. “Мындай номер жок” деди ары жактан чыккан үн. Чыгып машинасын от алдырып эле мурун өзү машыккан залды көздөй жөнөдү. Оюнда Арсты ошол жактан тапмак. Зуулдата айдап тез эле жетип, балдар машыкчу залга кирип барды.

 

– Эй, сага эмне болду, биз качан бут кийимчен кирчү элек?- агай далдаңдап кирип барган Байэлди карап калды.

 

– Арс келдиби, Арс?

 

– Учурашпайсыңбы биринчи, эмне делдектейсиң, сага Алмаздан башкасы киши эмеспи?- машыктыруучунун жини келип кетти.

 

– Арс экөөңдүн бүтпөгөн чырыңар дагы ырбадыбы? Кандай, брат?- Байэлди тааныгандардын бири келип учурашты.

 

– Кандайсыңар?- Байэл жайланып балдар менен учурашып, агай менен саламдашты.

 

– Ал залга келбей жатат. Эмне кылып жүргөнү белгисиз. Пландалган беттешине да чыкпай турган болду. Агай аны тизмеден алдырып салды. Чыккан менен утулат да даярданбагандан кийин. Андан көрө айтчы, өзүң эмне кылып жүрөсүң?

 

– Мындай эле, залга бармай, майда-чүйдө иштер менен эле,- деди Байэл көңүл кош. Анын оюнун баары Арс менен Аделяда болуп жатты. Коштошуп залдан чыгып кетти.

 

ххх

 

Издегенин таппай жинденип турган жигитке Аделя телефон чалып калды.

 

– Каяктасың сен? Эмнеге телефонуң өчүк?- жигит учурашпай эле Аделяга өктөм сүйлөдү.

 

– Сизге эмне болгон? Эмне кыйкырасыз?- эч нерседен кабары болбогон Аделя жигиттин ороңдоп жатканынын себебин түшүнгөн жок.

 

– Аделя, мен баарын билем.

 

– Эмнени?

 

– Билмексен болбочу. Арс менен жолугуп жатканыңды айтып жатам.

 

– Эмне деп эле жатасыз?

 

– Каяктасың азыр, мен сага эмне деп жатканымды көрсөтөйүн.

 

– Үйдөмүн.

 

– Чыга бер, бат эле жетем сен жакка,- Байэл унаасын учурган бойдон Аделянын үйүнө жетип келди. Алкынтып-жулкунтуп унаасын айдап келген Байэлди көрүп Аделя бир нерсе болгонун түшүндү. Жадырап-жайнап келген Байэл жок, урунарга тоо, урушарга жоо таппай тургандай абалга жетип калыптыр. Учурашкан да жок. Унаага отур деп башы менен гана ишарат кылды. Кыз унаага отурары менен жигит телефонун Аделяга сунду.

 

– Көр, буга эмне дейсиң?

 

– Эмне-е?- кыз алгачкы сүрөттү көрүп эле катып калды. Андан ары жылдырган жок.

 

– Акмак, ушул үчүн келиптир да. Тажадым мен, тажадым. Кантип кутулушту билбей калдым. Айтканды түшүнбөйт же урушканды түшүнбөйт,- Аделя бышактап ыйлап кирди. Биринин артынан бири сызылып түшүп мөлтүлдөп агып жаткан жашты көрүп Байэл Аделяны аяп кетти. Чын эле анын көздөрүндө аруулук бар, күнөөсүз, кирсиз көздөр эле. Байэл кызды өзүнө тартып кучактады. Ийинине башын жөлөп алып бир топко токтоно албай ыйлады. Байэлге анын башын жөлөп турганы жакты. Чаң салып салчудай болуп сапырылып келген Байэл кыздын жанында өзүнөн-өзү жоошуп калды. Кыз сооронуп алып, Арстын кандайча келгенин төкпөй-чачпай айтып берди.

 

– Чын эле мас бекен?

 

– Калп айтмак белем? Оозунан арак буркурайт. Күтүүсүз жерден бетимден өөп жиберди жинге тийип. Көрсө, атайын пландап келген турбайбы, ага эптеп эле бизди ажыраштырыш керек болуп жатат.

 

– Мен ага бирди көсөтпөсөм элеби!

 

– Теңелбей эле коюңузчу.

 

– Ушинтип сени эки күндүн биринде келип өөп кетип турсунбу анан? Ансыз деле сен үчүн теңелбей эле келе жатам го. Жүрү, андан көрө бир жактан тамактаналы, курсагым ачты.

 

Кыз-жигит кобурашып отуруп тамактанып чыгышты. Байэл залга барам деп шашып Аделяны үйүнө жеткирди.

 

ххх

 

Арс менен баары бир жолукмай болду. Залдагы балдарга чалып Арстын номерин алды. Анысы да өчүк болуп чыкты. Бүгүндөн калтырбай бүтүргүсү келди ушул ишти. Балдардан дарегин билип, кеч кирип калганда Байэл Арстын үйүнүн жанында турду. Унаасын оолак токтотуп коюп жакын келип дарбазанын ичине көз чаптырды. Бастырманын астында токтоп турган Арстын унаасын көрдү.

 

– Демек, үйдө бекинип жаткан экенсиң да. Кечке жата албайттырсың,- Байэл Арстын көчөгө чыгышын күтмөй болду. Болжогондой эле жарым саатка жетпей Арстын унаасы короодон чыкты.

 

– Көрсөтөм сага, мушташып чечишебиз…

 

(Уландысы бар)

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE