Пример HTML-страницы

Баткендеги айылдарда футбол аянты, айымдардын машыгуу залы ачылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү Орто-Боз айылына жаңы футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын анын ачылуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышты. Аталган аянтча үчүн жергиликтүү тургундар тарабынан 275 миң сом, айыл өкмөт тарабынан 500 миң сом бөлүнүп, калганы бейөкмөт уюмдар тарабынан каржыланган. Жалпы суммасы 1 млн 775 миң сомду түзгөн.

Мындан сырткары Самаркандек айылында аялдар үчүн машыгуу залы, Кара-Бак айылындагы Кызыл-Бел айылына балдар аянтчасы ачылып, пайдаланууга берилди Аталган айылдар Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагында жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE