Пример HTML-страницы

Түптүк келин Гүлзада стресстен арылта турчу жумуш менен алек

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунун 31 жаштагы тургуну Ырысбек кызы Гүлзада идиш-аяк, үй декорлорун жасап, кошумча акча табууда. Анын менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Ош облусунун Өзгөн районунун кызы болом. Түп районундагы айылга келин болуп келгем. Ош соода-экономикалык колледжинде билим алгам, азырка тапта декреттик өргүүдөмүн. Бул убакыт аралыгында көп нерселерди жасап көрдүм. Акыры өзүмө жаккан жана мага эргүүлөрдү алып келе турчу ишти таптым. Бул өнөрдү декабрь айында үйрөнүп, ошондон бери бошой калсам, идиштеримди кармай калам.

Керектүү материалдарды Бишкек шаарынан алдыртам, атайын формаларды Кытайдан заказ кылам. Негизи формага куюп, жасап койгон бат эле. Бирок анын кургашына 4,5 күн керектелет. Анан кургаган идиштерди лактап, боёп чыгам. Менин да колумдан бир нерсе келет деп, стресстен кадимкидей арылып калам.

Биринчи көргөндөр абдан таң калышат, жада калса өзүмдүн апам, кайненем да “апей, бул буюмдарды сен жасадыңбы?” деп мактоо сөздөрүн айтып турушат. Учурда 2 баланын апасымын, кайненем менен чогуу турабыз”, — дейт Гүлзада айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE