Пример HTML-страницы

Кочкордо мекемелер арасында спорттук мелдештер уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда 7-апрель – Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага райондогу мекемелердин кызматкерлери, спорт күйөрмандары катышты. Кочкор районунун акими Камил Чоткараев машыктыруучуларды, спортсмендерди куттуктап, райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин бир катар кызматкерлерине райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталарды тапшырды.

Мекемелердин кызматкерлернин арасында жеңил атлетика, аркан тартыш жана футбол боюнча мелдештер уюштурулду. Чуркоого 18-65 жаштагы ададмдар катышып, кыздар 400 метр, эркектер 1000 метр аралыкка жарышышты. Жеңүүчүлөөргө грамоталар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE