Пример HTML-страницы

Милиция кармаган 4 балалуу адам орозо кармап оңолуп калганын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата райондук соту үйүндө баңгизат сактоого айыпталган адамга карата 1-апрелде өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучу Тукутай (аты өзгөртүлдү С.Т.Н.) 1985-жылы Бакай-Ата районундагы айылдардын биринде туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон эмес. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Тукутай үйүнүн жер төлөсүндөгү складка мурда Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагындагы талаадан терип келген 406,3 грамм салмактагы кургатылган марихуана баңгизатын мыйзамсыз сактап, пайдаланып жүргөн. Бул баңгизат 2024-жылдын 26-февралында саат 16:25 чамасында анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда тоокканасынын алдында сары түстөгү кастрюлга кебек, жем менен көрүнбөгүдөй кылып жабылып, өзүнүн баласы менен кызына бекиттирип коюуга аракет кылып жатканда табылган. Үйдөн баңгизат колдонууга керектелүүчү желим жана алюминий идиштер да табылган.

Тукутай сотто күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Мурда баңгизат чеккен эмес. Шайтан аралап, 1-2 жолу чегип көргөн. Бирок азыркы убакта орозо кармап оңолуп калган. Карамагында 4 баласы бар. Бир баласы студент. Айып төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Баласын Бишкектеги институтта контрактык негизинде окутуп жатат. Ага катар эле чоң суммада кредити бар. Тукутай соттон жеңилдик берүүнү суранды.

  • Талас облустук соттук-наркологиялык экспертизанын 12-марттагы №6 корутундусу боюнча Тукутай наркоманиядан жабыркайт. Дарыланууга муктаж.

Соттун өкүмү:

Бакай-Ата райондук соту иштин материалдарын карап чыгып, Тукутайды Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыратты. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде 3 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулуп, 1 жылга пробациялык көзөмөл дайындалды. Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренесинин (алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан, кургак учуктан жапа чеккен адамдарды дарылоо) негизинде баңгиликтен медициналык мүнөздө мажбур дарылоо чарасы белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE