Пример HTML-страницы

Пайдалуулар

https://kyrgyzcha.site/?p=56387&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Пайдалуулар

 

Кайың

Жазында тал-теректер бүрдөгөн кезде кайыңдын ширеси винтаминдерге толуп турган мезгил болот. Эгерде, бөйрөк жана бооруңуздун тазарышын кааласаңыз күнүнө эртең менен бир стакан кайыңдын ширесин ичкениңиз туура. Мындай ыкманы көбүнчө сарык оорусу менен ооругандар пайдаланып келишет. Ошондой эле кайыңдын ширесине спирттен кошуп суюлуп бара жаткан чачка сүйкөсө да жыйынтыктуу таасир берет.

 

Пияз

Жумурткадан кичирээк болгон жаңы баш пиязды жатаар алдында жеп жатсаңыз сергек жашоого кадам таштаган болосуз. Тагыраак айтканда, күнү-түнү дебей өзүңүздү жеңил алып, сергек жүрөсүз. Ал кан тамырларды тазалап, ашыкча заттарды чыгаруу менен шлактарды бөлүп, зат алмашууну жакшыртат. Мындан тышкары, кан тамыр ичиндеги холестеринди да тазалай турганын эсиңизге сала кетмекчибиз. Чийки пияз жеген адамга суук тийбейт. Эгер ооздо жагымсыз жыттын орун алышынан кооптонсоңуз, кадимки эле укропту сүткө малып чайнаганыңыз туура. Себеби, сүткө чыланган укроп кандай жытты болбосун тез арада айдап чыгат.

 

Бал

Эгер кан басымыңыз төмөн болсо, күнүнө ачкарын бир чай кашык бал менен жеп турууңуз шарт. Өзгөчө май айында тартылган «майский мёдду» колдонууңуз тез жыйынтык чыгарат. Себеби, ал жаңы ачылган гүлдөрдүн нектарынан чогулгандыктан бир гана канга эмес, денедеги туздарды чыгарууга жол ачып тердетүүдө чоң кызмат аткарат. Ал эми таттуудан аллрегиясы барларга бул ыкмадан алыс болуусун баса белгилеп кетмекчибиз.

 

Картошка

Картошканын сыртын аарчыбастан тазалап жууп, теркадан өткөрүп, андан соң анын ширесин сыгып алуу менен эртең мененки маалда ачкарын ичүү сунушталат. Себеби, жүрөктү ириңден жана ашыкча туздардан арылтуунун бирден бир булагы. Эске сала кетчү нерсе, бул ыкма толуп бараткандарга жана диабет оорусуна чалдыккандарга болбойт.

 

Төө буурчак

Бул өсүмдүктү көп ооруга каршы колдонсо болот. Төө буурчактын дарылык касиети деп, анын бөйрөк ооруларына, денеге сары суунун толушуна, кантты төмөндөтүүгө, ошондой эле жүрөк оорусуна, микробдорго каршылыгын айтууга болот. Мындан тышкары алсыроого эч жол бербейт. Себеби, төө буурчак каллориясы күчтүү деген өсүмдүктөр тизмегинен орун алган.

 

Сарымсак

Сарымсакты майга кууруп жесе, денедеги жагымсыз жыт жоголот. Сарымсактын пайдалуулугун ушундан байкоого болот. Ал эми сарымсакты көп жеген адамды жылан чакса да уусу өтпөйт. Себеп дегенде сарымсактын ачуусу жыландын уусунан да күчтүү деп эсептелинет. Ошондой эле сарымсакты туз менен жеген адамдын оозу кургабайт. Ал эми анын эң күчтүү касиети деп ашказандагы куртту өлтүргөнүн айтса болот.

 

Укроп

Ички аппараттар дарысы деп айтылат. Бөйрөк, боор, ашказандын дарттарына, кан айланууга чоң жардамын тийгизет. Бир стакан сууга бир аш кашык укроптун уругунан салып, бир саат кайнатып, муздаган соң аны чыпкалап, күнүнө тамак алдында 3 жолу 10 граммдан ичүүгө болот. Бул учурда бөйрөк бир топ дарыланып, бооруңуз жеңилдеп, кан айланууңуз жакшырат.

 

Кофе

Кофени көп ичүү адамды зыянга учуратат. Башкача айтканда денедеги кальцийди азайтып, уйкуну качыруу менен жүрөккө таасир бериши толук мүмкүн. Андыктан жатаар алдында эч качан андан уурттабай эле койгонуңуз туура.

 

Чычырканак

Бул өсүмдүктүн жашоодо аткарган кызматы өтө чоң. Себеби, күйүктү жана үшүккө алдырууну дарылоодо тез натыйжалуу жыйынтык чыгарып келет. Мөмөсүндө эле эмес, жалбырагында да, кабыгында да биологиялык активдүү заттар бири-биринин жардамы менен сапатын да, таасирин да жогорулатып келет.

 

Грек жаңгагы

Эгерде кошумча салмак кошкуңуз келсе эч ойлонбой грек жаңгагын жегениңиз эң туура. Себеби, анын каллориясы бир топ күчтүү болгондуктан адамды тез семиртүүдө чоң ролдун ээси. Мындаш тышкары кан басымы төмөн адамдар аны бал менен аралаштырып, 2 суткадан соң ачкарын, башкача айтканда глюкоза, темир өңдүү бөлүктөрү ордуна келип нормалдашат.

 

Карагат

Бул өсүмдүк башкалардан бир топ өзгөчөлөнүп турат. Башкача айтканда денедеги тузду азайтуу менен зат алмашууну жөнгө салат. Ушул эле касиеттүүлүгү менен организмдеги витаминдердин сакталуусуна жардамы тиет. Ал эми жаңы ачылган гүлүн чай катары демдеп ичсе, бөйрөк оорусуна эч жол бербейт. Мындан тышкары карагаттын суюктугу денедеги ашыкча кычкылдуулукту жоготот.

 

Аары

Эгер бутуңузду, колуңузду суукка алдырып алсаңыз, кадимки эле бал аарысына чактыруу шарт деп эсептелет. Себеби, анын ийнесинде бир нече пайдалуу жана дарылуу заттар орун алган. Мындай жел менен суук тийген колуңузду же бутуңузду 10 күн катары менен чактырсаңыз аталган оорудан жеңилдей түшөсүз. Андыктан, бал аарыга чактыруудан эч коркпоңуз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE