Пример HTML-страницы

ЭТ САТЫП АЛУУДА ТӨМӨНДӨГҮЛӨРГӨ МААНИ БЕРИҢИЗ

https://kyrgyzcha.site/?p=55878&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЭТ САТЫП АЛУУДА ТӨМӨНДӨГҮЛӨРГӨ МААНИ БЕРИҢИЗ

 

 

Көпчүлүк шаардагы жашоочулар этти базардан же дүкөндөрдөн сатып алышат. Ошол эле учурда этти туура тандай билүү да керек. Бул үчүн төмөнкүлөргө көңүл буруңуз:

 

— Эгерде этти айына жок эле дегенде 2-3 жолу сатып алаңыз, ишенимдүү касапчы таап алганыңыз оң. Өңүңүздөн тааныган сатуучу сизге сапаттуу эт сунуштайт. Кабатырланбай ала берсеңиз болот.

 

— Сиз эт саткычка ишенбей, өзүңүз деле бирдемени билип алсаңыз ашык болбойт. Айталы эттин мыктысы ачык кызгылт келип, колго алып көрсөң колуңда эч кандай изи да калбайт. Ошондой эле жагымсыз жыт же кандайдыр бир тактар болбошу зарыл. Эт жумшак тартып, солкулдап тургандай болсун. Таза эле шектенип турсаң сөөмөй менен сайып көрсөң чуңкурая түшкөнү менен ошол замат кайра калбына келе калса эттин “атасына” жолукканыңыз. Мындай учурда дароо алыңыз.

 

— Бирок, “касапчы атасына сөөк сатарын” да эсиңерден чыгарбагыла. Ал үчүн эттин кайсы бөлүгүндө сөөк көп болушу (мисалы жиликтин башы) керектиги экендигин да билип алыңыз. Болбосо эт ордуна сөөк сатып барып, аялыңыз ошол сөөктү бышырып туруп кашкайта мүлжүтүп катуу жазалайт.

 

— Этти сатып алууда кайсы максатта же кандай тамак жасаганга сатып алганы жатканыңызды касапчы менен кеңешип алганыңыз дурус. Мисалы шорпо-шиленге кабырга, төш эттери оң болсо, беш бармакка албетте сан эттерден өтөрү жок. Болбосо беш бармакка керектелүүчү кайран этти майдалап шорпо кылып салсаңыз, убал эле болот. Ал эми кабырга, төштүн эттерин беш бармакка туурай албасыңды да эстен чыгарба.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE