Пример HTML-страницы

Оштогу тургун кайын журтуна баргандан кийин ооруканага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда эркек киши учтуу нерседен жаракат алды.

Алдын ала маалымат боюнча, пикир келишпестиктен улам кайненеси күйөө баласын учтуу нерсе менен сайып жиберген.

Ал эми Ош ОИИБ Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, азырынча жабырлануучуга ким жаракат келтиргени тактала элек. 2024-жылдын 5-апрелинде Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөн районунун 1985-жылы туулган тургуну И.Б. денесинен жараат алып, аймактык ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө И.Б. Кара-Суу районунун аймагына кайын журтуна барып, пикир келишпестиктен улам денесинен учтуу нерседен жаракат алгандыгы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда текшерүү иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE