Пример HTML-страницы

Бир тууган Матраимовдор камакта калтырылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushИсламбек Матраимов боюнча Ош шаардык сотунун токтому күчүндө калтырылып, Руслан Матраимов жана Тилек Матраимов боюнча жазылган арыз кайтарылып алынды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облустук соту тарабынан Ош шаардык сотунун 2023-жылдын 27-мартындагы И.М. жөнүндөгү камакка алуу боюнча токтому күчүндө, жактоочу Кыштобаевдин апелляциялык арызы канааттандыруусуз калтырылды.

Ошондой эле жактоочу Кыштобаев М.Т., М.Р. боюнча апелляциялык арызын кайтарып алды.

2024-жылдын 3-апрелинде Руслан Матраимов, Тилек Матримов, Исламбек Матраимовдун жактоочусу И.Кыштобаевдин атынан баш коргоо чарасы боюнча Ош облустук сотуна арыз түшкөн.

——————————————————————-

Буга чейин Тurmush Ош шаардык соту Тилек Матраимов, Руслан Матраимов жана Исламбек Матраимовду камакта калтырганын жазган.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 27-мартындагы токтому менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.М.нын өтүнүч каты канааттандырылды.

Айыпталуучу М.Т.И.ге карата [Матраимов Тилек Исмаилович] Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн 2024-жылдын 26-апрелине чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулгон.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 27-мартындагы токтому менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.Б.нын өтүнүч каты канааттандырылды.

Айыпталуучу М.Р.И.га карата [Матраимов Руслан Исмаилович] Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча, өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн 2024-жылдын 18-майына чейин камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасы колдонулган.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 27-мартындагы токтому менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.М.нын өтүнүч каты канааттандырылды.

Айыпталуучу М.И.И.ге [Матраимов Исламбек Исмаилович] карата Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча, өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн 2024-жылдын 18-майына чейин камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасы колдонулган.

——————————————————————-

2024-жылдын 26-мартында Райымбек, Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор Бишкек шаарына алынып келген.

«Р.Матраимов «мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланышта болуп, бажыдагы жана мамлекеттик кызматтагы кызматкерлердин уюшкан кылмыштуу топ түзгөн», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Райымбек Матраимовго УКМК издөө жарыялаганы 26-январда маалым болгон. Иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин 3-бөлүмү (мажбурлап кармалган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө катышуу) менен козголгон.

Бир тууган Матраимовдор тууралуу маалыматтар төмөндөгү видеодо:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE