Пример HTML-страницы

Ош облусунун эки районунда катуу сел жүрүп, унаа жолдорду бөгөдү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун айрым райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 20-апрелинде болжол менен саат 17:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош—Гүлчө—Сары-Таш—Иркештам унаа жолунун 45-49-чакырымдарында 2 тилкеге сел түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Жолду сел калдыктарынан тазалоо үчүн №959 жол тейлөө мекемесинен 2 автогрейдери тартылды.

Жеринде Кара-Суу району боюнча ӨКБнын башчысы майор С.Осмонов иш алып барууда.

Ошондой эле, Алай районунун Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында сел жүрүп, Гүлчө—Жошолу ички чарбалык унаа жолунун 7 чакырымы жабылган.

Жерине Тилектеш айыл аймагынан грейдер тартылып, унаа жол саат 19:30да тазаланып ачылган.

Мындан тышкары Кара-Суу районунда жаап өткөн жаандын кесепетинен Кызыл-Суу айыл аймагынын Чаеке айылында сел жүргөн.

Жерине маалымат тактоо максатында Кара-Суу райондук ӨКБдан ыкчам топ жана Кара-Суу РМА башчысы чыгып кеткен.

Буга чейин Алайдын Корул айылында сел жүрүп, унаа жолдорго зыян келтирилгени кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE