Пример HTML-страницы

Aпельсиндин кабыгы эмнеси менен пайдалуу?

https://kyrgyzcha.site/?p=55948&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Aпельсиндин кабыгы эмнеси менен пайдалуу?

 

Апельсин кабыгынын сиздин ден соолугуңузга пайдасы өтө көп. Аны каныңыздагы холестериндин өлчөмүн азайтуу үчүн пайдалансаңыз болот. Апельсин кабыгын аарчып бүткөндөн кийин жакшылап жууп, аны майдалап туурайсыз. Андан кийин үстүнө кайнаган суу куюп, бир аз убакытка калтырыңыз. Бул жыпар жыттуу суусундук даамдуу дагы пайдалуу дагы. Аны холестериндин деңгээлин түшүрүүчү дары-дарымек катары да ичүүгө болот.

 

 

 

Апельсин кабыгынын дагы бир пайдалуу жагы: анын курамында нитраттар менен нитриттер көп кездешет. Ошол себептен бул жемишти кабыгы менен бирге жей берсеңиз да болот. Керек болсо ичиндеги данектеринин да пайдасы бар. Ошону менен бирге аны менен үйүңүздү, уктоочу бөлмөңүздү жыпыр жыт менен аңкытып коюуга болот.

 

Эгер күнүнө бир жолудан апельсин кабыгын чайнап турсаңыз, вирустук инфекциядан аман каласыз. Ошондуктан аны ыргытып таштабаңыз. Анын ден соолугуңузга жардамы мол.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE