Пример HTML-страницы

Асилбек 7 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

《《《《《АСИЛБЕК》》》》》

(((((((((((((((7-БӨЛҮМ)))))))))))))))))

Азаматтын кеткенине бир айдын жүзү болду, Айжамал сөз бергендей эле Азаматты бир жолу дагы сурап барган жок. Байкуш бала апасын сагынып, кусадан ооруп калды. Бирок, көзүнөн тамчы жаш чыккан жок. Апасы менен эркелеп жүргөндө, чойроктоп ыйлай берчү, азыр болсо наристе ичтен сызат. Апасы айтканы эсинде, ыйлай турган болсо Асилбек айыкпай калат. Өзү дагы ажаан жеңесинин колунан кетпей калып калмак, апасынын айтуусу боюнча.

—Шум жетим, жетим сага эмне жагат? Энең менен жашаганда түшүңө кирбеген тамактарды жасап берип жатам. Өмүрүңдө даамдап көрбөгөн мөмө-жемиш алып келип жатам, а сенчи сен жебейсиң. Энеңе окшоп адам жейсиңби сен? Энең дагы атаңды жутуп, жесир атына батына албай сүйүнүп жатат. Сен кара-жолтой бирөөбүздү жеп тынасың го жетим.!-деп жасаган супсак, даамсыз камыр тамагын жаткызып алып оозуна тыгып жатты. Азамат чыдабай калды, оозуна салып, колу менен мурдун бекитип жутууга мажбур кылды. Тамагына кетип, окшуп кызарып кеткен Азамат ыйлап жиберди.

—Мен ыйлаган жокмун, ыйлаган жокмун. Тамагың мурдума кетип калып жаш чыгып кетти. Утулган жокмун мен, жеңип үйгө кетем. Сен жамансың, сени көргүм келбейт.

Жуман авам келсе айтам.

—Жуманды ава дебе айбан, ата де, ата дегин. Ал сенин атаң эми.

—Менин атам жок, өлүп калган. Менин атам дагы, апам дагы бир. Айжамал апама кетем, кетем үүү-үү.

—Кетип эле көрчү, шыйрагыңды сындыраармын. Керек болсо апаң сени саткан бизге, толтура акчага сени сатты. Эми сен менин баламсың, дагы бир жолу Айжамалды айтсаң сени эч ким тааныбаган жака адаштырып келем. Көчөдө каласың, көчөдө ачка калгың келбесе жөн олтургун.

—Ишенбейм мен, апам андай кылбайт. Апам мени жакшы көрөт, сен жаман көрөсүң мени. Өзүңдүн балдарың кана? Сенде балаң жокпу?

—Ишенбесең апаңдан сура, сени сатты бизге. Мени менен болсо ишиң эмне экен я куураган куу-жетим десе. Укта бар..

Ваннага кирип алып көөпкө чыкпай олтурду. Биринчи «өлүп кетсин»-дегени менен кийин кайра чыдабай, артынан чыкты.

—Эмне жатпай олтурасың бул жакта?

—Апамды сагындым…..

—Экинчи айтпа дедим го сага эшек, азыр өлтүрүп салам. Басчы бери. Жетип барып, жоонго салып калды. Ансыз дагы кусалыктан териси сөөкө жабышканча арыктаган бала бүкүрөйүп олтура калды. Кийимине чачырап кеткен мурдунан чыгып кеткен тамака Аиданын колуна шыбалып кетти эле, жаны чыгып эле кетти окшойт. Ваннаны сүздүрүп жиберди.

—Урбачы, урбачы дейм. Маакул уктайм азыр, ыйлабайм урбачы.

Наристенин денеси чооң, заар аялдын колуна безилдеп кетти. Күндөн-күнгө чын эле апам мени сатыптыр да!-деп мээсине сиңип баштады. Кусалыгы таарынууга айланды да калды.

 

Бул убакта болсо Айжамал Кыргызстандын бардык ооруканаларына чуркап, баласына ылайыктуу жүрөк издеп жүрдү. Ким эле жүрөгүн бирөөгө берип койсун, ким эле жүрөгү соо бирок, башка оорудан жабыркап, өлөйүн деген жакынынын жүрөгүн бирөөгө берип койсун. Эчким, эчким бербейт. Айласы кетти, амалы калбады. Айласыз операция болчу күн жакындаганда Жуманга барды.

—Жуман мен таба албайт окшоймун.

—Эмнеге? Акча жетиштүү го, тап..

—Менин амалым калбады, издебеген жерим калган жок. Ал эмес коңшу мамлекетке дагы кат жаздым. Айла жок балам жашасын, мен жүрөгүмдү берем. Болгону бир суранычым бар. Акыркы аманатымды аткарып койчу, суранам сенден.

—Сенин жүрөгүң болбойт, болбойт. Сен жашашың керек Айжамал. Сен балаңа кандай болуп жатасың азыр? Сенин да ата-энең дал сендей кыйналат, ыйлайт. Өзүңө каалабаганды ата-энеңе каалайсыңбы эмне? Бул оюңдан кайт уктуңбу, мен жол бербейм.

—Мага жол бербегендей сен кимсиң?

—Мен кайниңмин, балдарыңа мен жоопкерчиликтүүмүн, сага дагы.

—Ошол үчүн Азаматты менден сатып алдыңбы? Ошол үчүн бизди айрыдыңбы бири-бирибизден. Билесиңби сагынычтан экөөбүз эки жакта аста өлүп баратканыбызды.

—Адаштым, оюңдан кайтсаң Азаматты сага кайрып берем.

—Жок, менин жүрөгүмдү балама салган соң аны жалгыз калтырба. Байкеси менен чогу болсун, ушул суранычымды аткарып койчу.

—Жок, мен сени дагы деле сүйөм. Сенин тирүү жашап жүргөнүң мага күч берип, мен дагы ошол үчүн эле жашап жүрөм.

—Кайдагын айтпачы Жуман. Ал качаан болгон нерсе, менин эсимде да жок керек болсо. Аманатты аткарасыңбы ошону айт. Айжамал Жуманга айтып жаткан сөздөрүнөн өзүн өзү тааныбай калды. Балдарын Жуманга өз колу менен берип жатканына ишенбей кетти. Эки сүйүшкөн жүрөк жаш толгон көздөрү менен сүйлөшүп туруп калышты. Жумандын илгерки жүрөк өрттөгөн көзүнө туруштук бере албай, жерди көздөй көзүн ала качты да, терезе тарапка басып кетти. Көзүнүн жашын аста сүртө сүйлөп жатты.

—Жуман карасаң, тээ бак дагы шериги менен турат.

—Ооба көрдүм, баардык жокту кудай шериги менен жараткан, адамга окшотуп. Анын эмнеси бар..

—Ооба адамга окшотуп, мен ошондо адам эмес окшоймун. Мурунку жашоомдо көтөрүлгүс күнөө кылсам керек, азыр кайгы-сыноодон башым чыкпай койду. Баарынын шериги бар, менде эмес. Жок, менде да шерик бар ал менин кайгым, арманым.

—Сенин шеригиң балдарың, эки балаң байлыгың. Кордук көргөнүңдүн сыйлыгына эки уул алдың. А менчи баласыз өтөм, менден тукум калбайт. Биздин тукумду мына ушул эки уул улайт. Өмүрдөн кордук көргөнүңө кудайым сага бизди сага жалдыратып, жалгыз кан улагычтарды сага берди. Биз сага көз карандыбыз..

—Мени алаксытпа, алдаба. Операцияга мени даярда, мен баарына даярмын.

—Сага уруксаат жок, ата-энеңдин маакулдугун өз оозунан уксам анан операция кылам.

—Сен мени түшүнбөй жатасың, Асилбек өлүп калса мен дагы жашабайм. Түшүнчү, түшүнсөң.

—Жок дедимби жок, сен Азаматка керексин. Бир балаң үчүн экинчисин жетим калтырба Айжамал. Антүүгө акың жок, анте албайсың.

—Жок болсо жок экен да.!-деп чыгып кетти. Жуман болгон күчүн салып, Асилбеке жүрөк издеп жатты. Асилбекти сактап калса эле Айжамал кайтчудай сезилет да.

Айжамал болсо ата-энесинин, кайненесинин чогулткан акчасын да алып, Германияга кетүүгө камданып жатты. Операцияга саналуу күн калганда, Айжамал Асилбекти ооруканадан уурдап чыгып качып кетти. Самалётто баратып, бир үшкүрүп алды. Баардык маселенин чечилишине бир эле кадам калгандай. Германиядагы оорукананын дарегин угуп алып эле, акчаны белге түйүп жөнөп кеткен болчу. Барганда Кыргыз эле переводчик баланы жалдап алды, аты алыска чыккан ооруканага дагы барышты. Биринчи эле ак халатчан немис бала тосуп чыкты. Бир нерселерди сүйлөп жатты, котормочу бала дагы которуп жатты. Эки күн ары-бери чуркатып анын көп суммадагы акчаны колдон эле алып коюшту. Жүрөктү дагы өздөрү тапмай болушту, жатаканадан эртең алып кетмей болуп коштошушту. Бирок эртеси дагы, эртесинин эртеси, андан эртеси дагы алып кетишкен жок. Жанагы оорукананы сагалап барса босогону да аттатпай, кууп чыгышты. Ошондо алданып калганын билди. Акча талашып ары-бери чуркаса убакыттан уттуруп коймок. Ошого дароо териштирбей туруп Кыргызстанга учуп келе берди.

Айжамалды ошол котормочу Кыргыз бала алдап кеткен. Ак халатчан немис, орус эле бала болчу. Ошол жердин пол жууган жумушчусу. Котормочу шеригине аз акча карматып, калганын өзү алчу.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE