Пример HTML-страницы

Окуучу кызды сабады делген мектеп директору боюнча окуя эмне менен аяктады?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарындагы М.Ломоносов мектебинин директорунун үстүнөн түшкөн арыз өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, сабалды делген окуучу кыздын денесинде жаракаттар жок экени аныкталды. Анын негизинде кылмыштын курамы аныкталган жок деген жүйө менен иш өндүрүштөн кыскартылды.

—————————————————

14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу (Ноокат округу) Ош шаарындагы М.Ломоносов мектебинин директору 9-класстагы окуучу кызды мектеп формасы жок болгон үчүн сабаганын айтып чыккан.

Депутаттын айтымында, мектептин директору 9-класстын окуучусун класстан сүйрөп чыгып, сабаган. Окуучу кыздын жакындары ага кайрылган. Депутат мектеп директору окуучу кызды форма үчүн сабаганын кошумчалаган.

—————————————————

Ал эми Ош ШИИБдин басма сөз кызматы окуучу кыздын сабалышы боюнча факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталганын билдирген.

Маалыматка караганда, 14-мартта саат 11:00 чамасында Ош шаарынын тургуну — 77 жаштагы аял киши Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал арызында 2008-жылы туулган небересин мектеп директору мектеп формасынын талабына жооп бербеген кийим кийип баргандыгын жана сабакка кечигип келгендигин айтып, урганын билдирген.

—————————————————

Бул окуя боюнча аталган мектептин директору Динара Алмаматова Turmush басылмасына комментарий берген. Ал депутат Коргонбай уулунун айткандары чындыкка дал келбей турганын жана бир тараптуу такталбаган маалымат таратканын айтты.

«Жогорку Кеңештин депутаты айткандардын баары жалган. Бизде андай окуя болгон жок. Биз мугалимбиз, психологпуз. Мектепте кантип иштөө керектигин билебиз. Бизде биринчи сабак саат 08:00дө башталат. Бүгүн, 14-мартта биринчи сабак башталганда соцпедагогдор менен бирге кечигип келгендерге эскертүү бердик. Андан сырткары мектеп формасы боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскерүүлөр берилди.

Жогорку Кеңештин депутаты айткан кыз бүгүн кыска, киндиги көрүнгөн топик, жабышкан жинсы шым жана спорттук бут кийим кийип келди. Чачын жайып, узун сөйкө тагынып алган болчу. Албетте, мен бул мектеп формасына туура келбей турганын айтып, эскертүү бердим. Ал сөйкөсүн гана чечти. Мен аны класс жетекчисине тапшырдым. Мени менен бирге башка класс жетекчилер, анын классташтары да болгон. Жеке мен өзүм балдарга карата зомбулук кылып, кол көтөрбөйм. Менден башка окутуучулар да эч качан зомбулук кылбайт. Эгерде ал депутат Кыргызстандын баарына ал окуучу кыздын чоң энеси айткандарын айтса, бул чындык болуп калбайт. Адамдын тагдыры менен ойногон болбойт. Минтип мугалимдерди кемсинтип, басынткан туура эмес», — деген Динара Алмаматова.

М.Ломоносов атындагы мектеп жаңы жана эски корпус болуп эки бөлүктөн турат. Директордун айтымында, өткөн жылы эки корпуска тең үндү кошо жазган видеокамералар коюлган. Бирок бүгүнкү күндө техникалык катачылыктан улам камера иштебей жатканын айткан.

—————————————————

Ал эми 18-мартта М.Ломоносов атындагы мектептин директорун убактылуу жумуштан четтетүү чечими кабыл алынганы белгилүү болгон.

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, М.Ломоносов атындагы мектептеги окуучу менен директордун маселеси боюнча аталган мектепте жолугушуу уюштурулган. Анда директорду тергөө иштери аяктаганга чейин жумуштан четтетип туруу чечимин кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE