Пример HTML-страницы

Ак-Талаадагы имамга Орозо айттын урматына «Toйота» унаасын белекке беришти. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын жаштары айылдын имамына автоунаа жана дагы бир тургунга трицикл тапшырышты.

Кош-Дөбө айылдын айылдык кеңешинин депутаты Азамат Муратбек уулунун айтымында, бүгүн, 10-апрелде Орозо айт майрамынын урматына айыл тургуну Жылдызбек Асановдун көтөргөн демилгесинин негизинде 2005-жылдан 1982-жылга чейин төрөлгөн жаштар каражат чогултту. Алар айылда 31 жылдан бери имам болуп иштеп келе жаткан Жамалак Карабаевге «Toyota Ipsum» үлгүсүндөгү автоунаа тапшырышты.

Мындан тышкары жергиликтүү тургун Жаныбек Темирбековго трицикл тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE