Пример HTML-страницы

Таластагы билим берүү мекемелери миңдеген көчөттөрдү отургузушту

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунда «Бир окуучудан бир көчөт» өрнөктүгү өтүп жата. Бул тууралуу облустук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын алкагында мектептер, райондук жана шаардык билим берүү уюмдары тарабынан тиешелүү жер тилкелерин тазаланды.

— Манас райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 3,5 тонна таштанды тазаланып, 5930 даана көчөт отургузулду.

— Айтматов райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2063 даана көчөт отургузулуп, 4,7 тонна таштанды тазаланды.

— Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2572 көчөт отургузулуп, 5 тонна таштанды тазаланды.

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан 3708 даана көчөт отургузулуп, тийешелүү аймактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жалпы 14273 көчөт отургузулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE