Пример HTML-страницы

Ак-Талаада дыйкандарды жүгөрү айдоого чакырышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун дыйкандарына сапаттуу тоют камдоо максатында жүгөрү эгүү сунушталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 19-апрелде жергиликтүү дыйкандарга семинар өткөрүлдү. Ага айыл өкмөт башчылары, айыл чарба адистери, дыйкандар жана башкалар катышты.

Семинардын жүрүшүндө жүгөрүнү айдоо, өстүрүү жана жыйноо технологиясы, пайдалуулугу, башка тоюттарга караганда түшүмү жогору болору, быйылкы жылга 100 гектардан 200 гектар аянтка чейин жүгөрү эгүү керектиги айтылды.

Дыйкандар тарабынан жүгөрүнү себүүгө, түптөөгө жана жыйноого техника жок экендиги, сугат суу тартыштыгы тууралуу көйгөйлөр баса белгиленди. Ал эми жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү дыйкандарды коркпой жүгөрү айдоого чакырып, техниканы камсыздап беришерин белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE