Пример HTML-страницы

Күзүндө Баткенге Моңголиядан тыбыт багытындагы эчкилер алынып келинет

Акыркы жанылыктар

TurmushМоңголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном, Монголиянын Дундговь аймагынын өкүлдөр жыйынынын төрагасы Сандаг Одэрдэне, Дундговь аймагынын өкүлдөр жыйынынын мүчөсү Пэрэнлэй Бямбалхагва мырзалар Баткен облусуна жумушчу сапары менен келишти.

Маалым болгондой, алар президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолукту. Облус башчысы өз сөзүндө эки өлкөнүн жетекчилигинин эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Баткен менен Дундговь аймагынын жаратылыш шарттарынын окшоштугун эске алып, ар тараптуу кызматташууга мүмкүнчүлүктөр кенен экенин белгиледи. Жолугушууда Моңголиянын мал чарбасынын өнүгүүсү тууралуу сөз болуп, тыбыт багытындагы эчки багуу боюнча тажрыйба алмашуу макулдашылды. Бул багытта Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгындагы «Тегирмен-Башы» асыл тукум эчки чарбасынын потенциалы белгиленип, үстүбүздөгү жылдын күз айларына, Моңголиядан тыбыт багытындагы эчкилерди алып келүү сүйлөшүлдү. Ал эми Баткенден Дундговь аймагына өрүк жана бадам көчөттөрүн жеткирүү макулдашылды.

Жолугушуу соңунда А.Алимбаев моңгол делегациясын ушул жылдын октябрь айында Баткен шаарында өтүүчү 2-инвестициялык форумга чакырды.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Моңголиянын Дундговь облусунун администрациясынын ортосунда кызматташууну орнотуу ниети жөнүндө меморандумга кол коюлду. Моңгол делегациясы Баткен шаарындагы эчки кооперативинде, өрүк бактарында болуп, жергиликтүү багбандар менен жолугушту. Кадамжай районундагы көчөт кооперативдеринде болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE