Пример HTML-страницы

Папан суу сактагычына чейин кирип кеткен унааны видеого тартып алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында тартылган видео боюнча тактоо жүрүп жатат.

Социалдык тармакка «ДЭУ Матиз» [мамлекеттик номуру 02KG924ACX] үлгүсүндөгү унаа Папан суу сактагычына кирип кеткени тууралуу видео жарыяланган. Социалдык тармактын колдонуучулары Папан суу сактагычынан Ош шаарынын дээрлик 80 пайызы ичүүчү суу ала тургандыгын, сууга унаасын түшүргөн айдоочуну жазага тартуу керектигин айтышкан.

Ал эми Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, унаа Араван районунда каттоодон өткөн. Бирок унаа ээси Россияда болгондуктан видеону ким жарыялаганы белгисиз.

Учура Араван районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE