Пример HTML-страницы

Орозо айттын алдында Кара-Сууда малдын баасы кандай болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushОрозо айт майрамына карата Ош облусундагы Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы «Учкун» мал базарында мал алгандардын саны арбын болуп жатат.

  • Кыргызстанда эртең, 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, орточо эсеп менен койдун баасы 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин болсо, козулар 5 миң сомдон, жылкылар 50 миң сомдон башталат.

«Койлорумду сатканы чыктым, мал алып сатам. Козу кезинде алып, бир аз семиртип, кайра базарга алып чыгам. Базарда каалаган баада тапсаң болот. Козуларды 5-6 сомдон арзан алууга мүмкүн. Койлорду 12 миң сомго баалап жатам, сүйлөшүп баалашсак, арзандатып берем. Азыр Орозо айт жакындаганына байланыштуу көпчүлүк койлордун баасы кымбатташы мүмкүн. Союшка деп семиз койлорду издеп келгендер абдан көп», — дейт соодагер Анарбек Зикиров.

Ошондой эле койлордон сырткары бука жана уйларга суроо-талап көп болууда.

«Буканы соодалашып жатып 100 миң сомдон 83 миң сомго арзандатып сатып алдым. Бул жерге келгендин баары эле Орозо айтка карата алып жатат болуш керек. Алардын катарында мен дагы бул буканы союшка алдым», — деди жергиликтүү тургун Санжар Маматов.

Базарда жылкы жана бээлер саналуу эле гана чыкканын, көпчүлүк кулун сатып жатканын байкоого болот.

«Чоң жылкы издеп жүргөм. Акыры 4 жаштагы жылкыга көзүм түшүп, сатып алууну чечтим. Баасы 100 миң сом экен, мен 80 миң сомго сурап, акыры 90 миң сомго сатып алдым. Жакында той берем, ошого жакын багып, семиртип, андан кийин соём», — деди жашоочу Рустам Шарипов.

Базардагы баа:

— козу — 5-7,5 миң сом;

— кой — 10-20 миң сом;

— уй — 40-100 миң сом;

— бука — 80-100-150 миң сом;

— кулун — 50 миң сом;

— жылкы 100 миң сомдон башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE