Пример HTML-страницы

Дарыгер Гүлнара Жээналиева өлүм эң көп катталан учур тууралуу айтып берди

Акыркы жанылыктар

Turmush58 жаштагы инфекционист-дарыгер Гүлнара Жээналиева 2005-жылдан бери Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жумуш учурундагы урунттуу учурлар тууралуу айтып берди.

Каарманыбыз коронавирус инфекциясы күч алган мезгилде алгачкылардан болуп кызыл зонага кирген дарыгерлердин сап башында болгон. Ал ошол жазды унута албай жүргөнүн айтат.

«Өзүм Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылынын кызы болом. Айылдагы мектепти 1983-жылы аяктап, Фрунзеге медициналык институтуна тапшыруу үчүн баргам. Бирок ошол жылы сынактан өтпөй калып, бир жыл шаарда жашап, даярдоо курсунда окуп, 1984-жылы Кыргыз медициналык институтунун жалпы дарылоо адистигине тапшырдым. Окуу жайды 1991-жылы аяктап, Жалал-Абадга келип, бейтапкананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштеп калдым. Быйыл бул бөлүмдө иштеп жатканыма 33 жыл болуптур. Ал арада көп адамдарды дарылап, тажрыйба топтодум. Көп кызыктуу да, кайгылуу да күндөр өттү. Алардын ичинен эң эсте калганы Covid-19 илдети болду.

Ошол датаны так эстейм, 16-март эле. Ал күнү биздин бөлүм адаттагыдай эле иштеп, кечке жуук нөөмөттөгү дарыгер, медайымдар калып, калганыбыз үйгө кеткенбиз. Саат 18:30да оорукананын башкы дарыгери байланышып, «Гүлнара Маратовна командаңызды тезинен чогултуп, ишке келиңиз, коронавирус бизде да катталыптыр, кызыл зонага өзүңүз баш болуп киресиз» деди. Жарым саатка жетпей баарыбыз ишке келдик. 2 саатта бөлүмдө жаткан бейтаптардын жеңилдерин үйлөрүнө чыгардык, оор абалдагыларын тез жардам унаасы менен Сузак жалпы дарыгерлик практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнө котордук. Ал арада кызматкерлер кокус оор абалдагы бейтап келсе деп бөлүмдүн 2-кабатын жандандыруу бөлүмү катары даярдап, биринчи кабатты кабыл алуу жана жаткыруу бөлүмү кылып, өзүбүз үчүн таза зона даярдадык.

Кечки саат 21:00дө алгачкы бейтаптарды алып келишти. Ага чейин Кытайдын Ухань шаарында бул илдет чыкканы тууралуу соцтармактардан, жаңылыктардан окуп турганбыз. Бирок мынчалык бат келип, Кыргыстанда биринчи болуп Жалал-Абадда катталат деген ой жети уктасам түшүмө кирген эмес. Башта бейтаптар да бизди жаман көрүп, дары берсек ичпей жатышкан. Ошол кезде билесиздер, коомчулукта «Дарыгерлер адамдарды зордоп ооруканага жаткырып жатышыптыр. Канчалык оорулуу көп болсо, аларга ошончо көп акча төлөп беришет экен, коронавирус деген жок» деген маалыматтар тарап кетти. Бирок бейтаптарда 19-март күнү оорунун алгачкы белгилери байкалып, абалдары начарлай баштады. Ошондо алар бизге ишенип, дарыларды иче баштады. Буга чейин мындай илдет катталган эмес. Бейтааныш кызыл зонада иштеген кызматкерлерге ооруну кантип дарылоо керектиги тууралуу протокол жок, эптеп оорунун симптомдорун карап гана вируска каршы дарыларды берип жаттык. Дарыгерлер коргондун ичинен чыкпай, коргоочу кийимдер менен аба жетпей, дымдалып иштедик. Ошол кезде бейтаптар эле эмес, өзүбүз да айрым учурда кесиптештер менен конфликтке барып, психологиялык жактан көп жабыр тарттык», — дейт ал.

Дарыгер оорунун биринчи толкунунда дээрлик өлүм учуру болбогонун, бирок экинчи толкун күч алган июль айында жоготуулар көп болгонун, ал мезгилде өзү кызыл зонада иштеп жүрүп, илдетке кабылып өзүнө-өзү укол сайып, өлүм алдында жаткан бейтаптардын кыйкырыгын, ыйын унута албай келе жатканын айтты.

«Оору июнь-июль айларында жогорку чекке жетти. Ошол учурда ар бир бейтаптын абалы боюнча 5-6 жайга тынбай маалымат беребиз. Андан кийин гана дарылоо протоколу иштелип чыгып, башка ыкмада дарылай баштадык. Ал кезде бир гана биздин бөлүм ооруларды кабыл алып иштеп жаттык. Күн сайын оор абалдагы жаңы бейтаптар келет. Орун жок, ал эмес дарыгерлерге орун калбай жатты. Бир бригада менен кирген 10-15 дарыгер оор абалда жаткан бейтаптарды кароого жетишпей, түнкүсүн да уктабай коридордо жүрүп таң атырып жатышты. Ошол учурда мен да ооруп калып, өзүбүздүн бөлүмдө жаттым. Шарт түгүл орун жок болгондуктан өзүмдүн иш бөлмөмдө жатып дарыландым. Дарыгерлер жетишпей, өзүмө өзүм дары куюп, кан коюланып, плазманы өзүмө өзүм куюп калдым. Ошондой кезде жашоодон үмүтүм үзүлдү эле.

Мен дарыланып жатканда бизге оор абалда майыптыгы бар бала да келди. Дарыгерлер кеңешип, аны карап жатуу үчүн жакындарынан бирөөнү киргизүүгө уруксаат берилди. Бирок анын жакындары кирүүдөн баш тартышты. Тиги бала өзү жатат, аны тынбай дарыгерлер карап, памперсин алмаштырып, дарыларын берет. Андай кезде ыраазы болуп жаткан. Бирок оору каттуу болгондо же памперси толуп калганда кыйкырып, ыйлап жардам сурайт. Кээде бакырып, «Адам өлтүргүчтөр!» деп ыйлайт. Себеби ал да мен сыяктуу каралбай калды. Анткени ошол июль айында оор абалдагы бейтаптар көп болуп, көпчүлүк каза болду. Так эстейм ошол кезде күнүнө 10го жакын адам өлүп, алардын өлүгүн алып чыгып кетип жатышты. 33 жылдык иш тажрыйбамда мындай көп сандагы адам өлүмүн көргөн эмесмин.

Жансыз денелерди биздин кызматкерлер катар коюп алып дезинфекциялашат. Себеби сыртка инфекция чыкпашы керек. Андан кийин гана мейиткананын кызматкерлерине чыгарып беришет. Ошол көрүнүш дагы деле көз алдымдан кетпейт. Себеби ар бир өлүм дарыгерлерди түйшүккө салып, психологиялык басым берет. Эң өкүндүргөнү, ошол кезде кызыл зонада иштеп жүрүп, биздин кесиптешибиз каза болуп калды. Кесиптешимдин акыркы күндөрүндө иштегенин эстесем ыйлап алам.

Биздин жугуштуу оорулар бөлүмүндө 2020-2021-жылдары Covid-19 илдетин жуктурган 1741 бейтап жаткан экен. Анын ичинен 144 адам каза болгон. Албетте, бул сандар жүрөк оорутат. Кийинчерээк облустун башка район-шаарларында кызыл зоналар ачылып, бизге бир аз жеңилдик жаралган», — деди дарыгер.

Гүлнара Жээналиева 4 баланын апасы, ошондой эле 3 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE