Пример HTML-страницы

15 жаштагы окуучунун өлүмү тууралуу айтып беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жол кырсыктан 15 жаштагы окуучу көз жумду. Бул тууралуу Тurmush басылмасынын кабарчысына маркум баланын жакындары билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, ар кимдин унаасын айдап, башка даректерге таштап кетип жаткан топ бар экени айтылып жаткан. Жоголгон унаалар башка айылдардан табылган фактылар катталган.

Жашоочулардын маалыматы боюнча, адам өмүрү кыйылган окуя 2024-жылдын 31-мартында болгон. Чаек менен Кызыл-Жылдыз айылынын эки тургуну — өспүрүмдөр окуяга чейин «Жигули» унаасын таң атканча айдап, башка жерге токтотуп коюшкан. Эртеси ал унааны жеткиребиз деп барып, аны Байзак айылына таштап, аталган айылдан «БМВ» үлгүсүндөгү унааны айдап чыгышкан. Алар Баш-Кууганды айылына чейин барып, турак үйдүн дубалын, дарбазасы менен кошо сүзүп, кирип кетишкен.

Унаанын ичинде 3 өспүрүм болгон. Анын бири — 8-класстын окуучусу Н.Т. терезеден ыргып, жерге кулап түшкөн. Ал ооруканага жеткирилип, түнкү саат 03:00 чамасында абалы оорлоп, таңга маал алган жаракатынан улам көз жумган.

Ал эми унааны айдап жүргөн эки өспүрүмдүн бири кармалып, экинчиси үйүнө кетип калууга жетишкен. Эки өспүрүмдүн бири 9-классты бүтүрүп, кесиптик лицейге тапшырып, бирок окуган эмес. Маркум аларга 2 күн мурун кошулган.

Маркумдун жакындарынын айтымында, анын ичинде кири жок, жоош, момун бала болчу. Ал 2-апрель күнү акыркы сапарга узатылды. Маркум бала 5 бир тууган, эжеси, эки байкеси, 1 карындашы бар. Атасы 2021-жылы көз жумган, апасы жана бир туугандары менен жашачу.

Жол кырсыкка шектелип жаткан эки өспүрүмдүн жакындары маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын, союшун жана кыркылык, ашын моюнга алып көтөрүшкөн. Ошондой эле маркумдун үй-бүлөсүнө мындан ары жардам берип турарын айтышкан.

Ал эми Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тастыктаган маалымат боюнча, Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Т.М. Жумгал РИИБге арыз менен кайрылган. Анда аталган күнү ага тиешелүү болгон «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айдап кеткендигин билдирген.

Аталган кайрылуу Жумгал РИИБ тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Ушул эле күнү Жумгал РИИБдин ыкчам тергөө тобу тарабынан аталган автоунаа Кочкор—Арал автоунаа жолунун 171-чакырымынан табылып, Жумгал РИИБдин айып короосуна киргизилген.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуяга шектүүлөр жаш өспүрүмдөр экендиги аныкталып, алар дагы башка автоунааны айдап бара жатканда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен бир өспүрүм каза болуп калган.

Бүгүнкү күндө териштирүү иштери уланууда.

Тurmush басылмасына маалым болгондой, маркум окуп жаткан Калык Акыев атындагы орто мектебинин директору айрым мугалимдердин арыздануусунан кийин 2 жума мурун кызматынан кеткен. Учурда мектепте директор жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE