Пример HTML-страницы

Мугалим Замирбек Койчуманов Грециядагы студенттерге сабак өтүп келди

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 40 жаштагы тургуну Замирбек Койчуманов өзү окуп бүткөн окуу жайда эмгектенип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мектепти аяктаган соң 2000-жылдан 2005-жылга чейин Талас мамлекеттик университетинде экология адистиги боюнча билим алган. Андан кийин Чехия мамлекетинин Масариков университетинде аспирантурада окуган.

«Келгенден кийин экология багытында кандидаттык диссертация коргогом. Эмгек жолумду ушул жерде мени окуткан агай-эжелеримдин сунушу менен эле кайра аларга кесиптеш болуп, ушул университетте баштагам. Учурда университетте табият таануу жана педогогика факультетинин деканы болуп эмгектенем. Ал кызматтан тышкары ушул эле окуу жайда окутуучумун. Кесибимдин аркасы менен көбүнчө Европа өлкөлөрүндө стажировкаларда, илимий конференцияларда, сабактарда болуп келдим. Европанын окуу системасына жакындан таанышмын десем жаңылбайм. Алардын өзгөчөлүктөрү көп. Алардын тажрыйбасын биздин университетте дагы колдонсом дейм», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле Европанын университеттеринде практикалык иштерге басым жасаларын белгиледи.

«Германияда Оснабрюк университетинде бир профессордун лекциясына катышып отургам. Анын лекциясы 11:00дө башталган. 1 сааттан кийин эле «обед» учуру болуп калганына байланыштуу улам четинен студенттер чыгып кетип жатты. Башында 40 студент отурса, 12:30га чейин улам чыгып кетип отуруп аз эле калды. Профессордон уруксат сурашкан жок. Сумкаларын асынып алып эле чыгып кетип жатышты. Мага бул көрүнүш абдан өөн көрүндү. Аягында 10 чакты эле студент калды. Анан профессор өзүнүн лекциясын жыйынтыктаганда студенттер кол чапкандын ордуна, партаны каккылап коюшту. Көрсө бул алардын ыраазычылык айтып жатканын билдирет экен.

Негизи Европанын университеттеринде практикалык иштерге басым жасашат. Студенттер жеринен таанышып, көрүп, өндүрүшкө, талаа шартында көп алып жүрүп, талкуу түрүндө абдан кызыктуу өтөт.

Мен алгач 2003-жылдары президенттик стипендия менен Германияда 6 ай окууга барып келгем. Анда өзүм студент элем. Ошондо тилин дагы жакшы өздөштүрүп, өзүм үчүн жаңы багыттарды ачып келгем. Жакында эле Грециянын Лесвос аралындагы Митилини шаарындагы Эгей университетине бардым. Ал жакта өндүрүш менен таанышып келдим. Ал жерде бир дагы кыргыз студент жок экен. Мен ал жакта магистрант, аспираттарга сабак өттүм. Климаттык өзгөрүү, жалпы эле Европанын экологиялык абалы тууралуу англис тилинде, илимий маалыматтарды бердим. Университеттин окумуштуулары менен тажрыйба алмашуу болду. Ал жерде шаардан чыккан саркынды сууларды тазалоо анын калдыктарынан биогаз, биодизель өндүрүү, андан дагы калган калдыктардан жер семирткич даярдоо боюнча илимий иштери менен тааныштым. Ушул тажрыйбаны биздин дагы шаарларда колдонушса экологияга чоң пайда болмок. Келечекте менин дагы студенттерим, өзүбүздүн жергебизге чоң жаңылыктарды киргизсе деп тиленем», — деди ал.

Замирбек Койчуманов жубайы экөө 3 кыз, 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE