Пример HTML-страницы

Абдиллаким аксакал жаш кезинде абактагылар менен чогуу Баткендеги чоң курулуштарда иштеген

Акыркы жанылыктар

Turmush79 жаштагы Абдиллаким Абдураимов Баткен районунун түптөлүшүнө салым кошокон инсандардын бири. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 20 жыл техника айдап, район шаардагы айыл чарбасына эмгек кылган. Төрт-Гүл суу сактагычынын курулушуна башынан аягына чейин катышып, андагы ири каналдардын салган. Ал учурда курулушка катышкандардын көпчүлүгү абактардан алынып келинген адамдар болгон. Эркинен ажыратылган, кылмышкерлер түрмөдө отурбастан эмгекке тартылган. Ошол учурда түрмөдө отурган тажик, кыргыз, өзбек, казак, орус улутундагы адамдар иштешкен.

«Баткен районунун Кара-Булак айылында төрөлгөнмүн. 1964-жылы айыл чарба багытында оор техникаларды айдап иштеп баштадым. 3 ай эмгектенгенден соң Мурманскиге аскердик кызматка кеттим. 3 жыл кызмат өтөп, 1968-жылы кайра келип, жумушумду уланттым. Ошол убакта биз бир канча жер аянттарын иригигациялоого жол ачып, каналдарды курдук. Баткен районундагы суу каналдардын баарын биз курганбыз. 1977-жылы Төрт-Гүл суу сактагычын баштаганбыз. Анда суу сактагычка чейинки каналдарды курдук. Тоо боорлорунан тартылган каналдын курулушуна ошол Төрт-Гүл жактагы абактагылар жумушка тартылган. Ал убакта түрмөдөгүлөрдү мамлекет бекер бакпайт эле. Кара жумушка тартылып, аскерлер куралдар менен көзөмөл кылып турар эле. Биз да алар менен бирге эмгектендик. Тажик, татар, казак, өзбек, орустар дагы көп болчу. Анда СССР убагы болгондуктан абактарда союздагы улуттар да болчу.

Төрт-Гүл суу сактагычын казып болгон соң жарым метр кум төктүк, үстүнө чатыр, калың кленка жаткырылды. Ал ушунчалык каттуу эле. Ал азыр деле жарылып, же жыртылбаса керек. Анын үстүнө жарым метр кум төгүм анын үстүнө шагыл төктүк. Азыр эми баткак болду, полиэтилен жыртылган дегендерге кошулбайм. Болгону суунун кире беришине сууга кошо кум, шагыл, топурак агып баткак болуп калган. Эми аны тазалоого техника кире албайт. Анткени астындагы кленканы жыртып салышы мүмкүн.

Ошондой эле азыркы Баткен облустук администрациясынын имаратын, Жоомарт мектебин, СМУдагы көп кабатуу үйлөрдү салдык. Ага да абактагылар катышты. Көпчүлүгүнүн үй-бүлөлөрү да көчүп келишкен. Көп кабаттуу үйдө алар менен кошуна жашап жүрдүк. Бул тармакта оюздагы улуттар арасында бир канча жарыштарга катыштык. Бир канча жолу Ленинградга бардым. Сыйлык, орден, медалдарды алдым», — деди ал.

Абдиллаким аксакал 4 кыз, 4 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE